Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 токтому менен бекитилген |
Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 211 , 2019-жылдын 30-декабрындагы № 723, 2021-жылдын 4-майындагы № 196, 2021 жылдын 10 декабрындагы № 301, 2022-жылдын 12-июлундагы № 372, 2023-жылдын 21-январындагы № 30 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты жана эсепке алуунун бирдиктүү жол-жоболорун белгилейт, ошондой эле мамлекеттик финансы статистикасынын эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу жөнүндө отчеттун курамын, аны даярдоонун тартибин, консолидациялоону жана тапшырууну регламенттейт.
2. Бюджеттик мекемелер бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) менен макулдашуу боюнча ички пайдалануу үчүн ушул Нускамада каралбаган кошумча отчетторду иштеп чыгууга укуктуу.
3. Ушул Нускаманын максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруу жөнүндө отчетту түзүүгө тийиштүү терминдер алар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында колдонулуучу мааниде пайдаланылат.
2. Эсепке алуу тартиби
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу боюнча бардык киреше жана чыгаша операциялары казыналыктын эсеп китептеринде (мындан ары - КЭК) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом жана тыйын) автоматташтырылган системада эсепке алынат. КЭК эки бөлүктөн турат: аналитикалык жана синтетикалык. Аналитикалык бөлүктө финансылык операциянын деталдары камтылат: операция жүргүзүү датасы, аталышы, төлөм инструментинин числосу жана датасы, операциянын баяндалышы. Синтетикалык бөлүгү дебет, кредит, баланс жана корреспонденттик эсепти камтыйт.
5. КЭКте Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин кассалык аткаруу боюнча операцияларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын көрсөткүчтөрү боюнча кош жазуу методунун негизинде жүргүзүлөт.
Операциялык күн аяктаганда КЭКте бир күн үчүн жүгүртүүлөр жана калдыктар чыгарылат, ошондой эле бир ай үчүн жана жылдын башынан тартып өсүү жыйынтыгы менен жүгүртүүлөрдүн жыйынтыктары эсептелет.
6. КЭКте жазуулар баштапкы эсепке алуу документтеринин (кассалык чыгымга өтүнмө, төлөм тапшырмасы, банктык көчүрмө, казына аралык жана ички казыналык тапшырма) негизинде автоматташтырылган системада түзүлөт.
Автоматташтырылган системада түзүлгөн КЭКте камтылган маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле алардын өз учурунда жана тийиштүү түрдө жүргүзүлүшү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - аймактык бөлүм) жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери функциялык милдеттенмелерине ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. Ар бир аймактык бөлүм жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшү Башкы китепти жүргүзүүгө тийиш (1 жана 2-тиркеме).
Башкы китеп КЭКтен суммалык эсепке алуу маалыматтарын камтыйт, анда дебет жана кредит боюнча бир күн үчүн жүгүртүүлөрдүн суммалары балансталууга тийиш.