Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 29-августу № 466
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын - жарандарды тандоо процессин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
2-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тандоонун критерийлери - Программага катышуу үчүн жарандарга карата талаптар;";
- төртүнчү абзацтагы "жана" деген сөз "же" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- турак жай маселеси боюнча комиссия - алдын ала тандоо жүргүзүү жана катышуучулардын тизмесин түзүү үчүн, Бишкек шаарынын мэриясын кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында түзүлгөн комиссия;";
жетинчи абзацтагы "турак жай сатып алуу максатында жарандарга берилүүчү" деген сөздөр "жарандарга турак жай сатып алууга же курууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацтагы "турак жай сатып алуу максатында жарандарга" деген сөздөр "жарандарга" деген сөз менен алмаштырылсын: