КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 15-марты № 37
Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 184, 2008-жылдын 14-февралындагы № 12, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279, 2009-жылдын 15-июнундагы № 182, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2020-жылдын 6-мартындагы № 24, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 , 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы мүлккө муниципалдык менчик укугунун келип чыгышына, ишке ашырылышына жана токтотулушуна байланыштуу мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен жөнгө салынуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери менен байланышкан мамилелерине жайылтылбайт.
1-Глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
турак жайга кирбеген фонд - калкты социалдык жактан тейлөөгө, администрациялык мекемелер менен коомдук уюмдарды жайгаштырууга арналган жалпы турак жай мүлкүнөн башка имараттар, курулуш жайлар, объекттер менен жайлар;
муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;
муниципалдык менчикти менчиктештирүү - муниципалдык менчикти (менчиктештирүү объекттерин) жеке жана юридикалык жактарга ажыратып берүү;
муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар - муниципалдык менчикти менчиктештирүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары.
(КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2009-жылдын 15-июнундагы № 182 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Мүлккө муниципалдык менчик укугу
1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушуна, жүзөгө ашырылышына жана токтолушуна байланыштуу келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат.
(КР 2005-жылдын 19-августундагы № 152, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө болгон муниципалдык менчикке, алардын өздөрүнө тиешелүү аймакта жайгашканына же жайгашпаганына карабастан, жайылтылат.