Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 694 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 495 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору" мекемеси (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) ведомстволук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Борбор мекеме түрүндөгү уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, финансылык өз алдынчалыкка ээ, Күжүрмөн Туусу жана Борбордун жана өзү карамагына кирген органдын аталышы жазылган мөөрү бар.
4. Борбордун түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан бекитилет.
5. Борбордун толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору";
расмий тилде: "Республиканский учебный центр Министерства внутренних дел Кыргызской Республики имени генерал-майора милиции Шабирова Жапара Шабировича".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "РОБ";
расмий тилде: "РУЦ".
6. Борбордун юридикалык дареги: 720046, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Месароша көчөсү, 3.