Редакцияот 21.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 21-ноябры № 603

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 382 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 382 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

мамлекеттик тилдеги тексттин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү суралсын:

"Программанын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрү" деген 4-бөлүмүндө:

- үчүнчү абзацындагы "2016" деген цифралар "2020" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- бешинчи абзацындагы "2014" деген цифралар "2017" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- алтынчы абзацындагы "2014-2015" деген цифралар "2017-2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- жетинчи абзацындагы "2015-2016" деген цифралар "2019-2020" деген цифралар менен алмаштырылсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков