Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 29-декабры № 706
Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 358, 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги №189, 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесипкөй кызматтык ишинин уланмалуулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби 8-тиркемеге ылайык.