Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын жарандарынын даярдалган/персонификацияланган улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтардын негизинде түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана актуалдаштыруу үчүн пайдаланылат/
3. Мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт.
4. Мамлекеттик реестрдин кармоочусу болуп калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
5. Мамлекеттик реестрди жүргүзүүгө жана анын иштеши үчүн жоопкерчилик кармоочуга жүктөлөт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
6. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу документтер;
Мамлекеттик реестр - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте топтоону, иштеп чыгууну, сактоону, издөөнү, пайдаланууну жана берүүнү камсыздоочу автоматташтырылган маалыматтык система;
Мамлекеттик реестрди иштеп чыгуучу - Мамлекеттик реестрди кармоочунун карамагындагы мамлекеттик мекеме.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик реестрге киргизилүүчү маалымат
7. Мамлекеттик реестр каттоо субъекттеринин жеке маалыматтарын камтыйт, ал төмөнкү түзүмгө ээ болот:
а) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу улуттук паспорттору жөнүндө: