Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ

2017-жылдын 9-февралы № 84

"Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмөктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Калкты иш менен камсыз кылууга көмѳктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна ѳзгөртүүлѳрдү ккргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдьн долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С.Жээнбеков

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктѳшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

"Калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьна (Эркин-Тоо гезити, 2015-жылдын 21-августу, № 80) тѳмөнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин: