Загрузка…
ЭМГЕК КЕЛИШИМИ
Бишкек ш.[Келишим түзүлгөн күн]
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалымат кызматынын (мындан ары – Мамлекеттик маалымат кызматы) атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн [Өкмөттүн токтомунун датасы] № [Өкмөттүн токтомунун номери] токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалымат кызматы жөнүндө [Жетекчи иш алып барган документ] негизинде иш алып барган төрага [Төраганын (жумуш берүүчүнүн жетекчисинин) аты-жөнү], мындан ары «Жумуш берүүчү/Иш берүүчү» деп аталып, бир тараптан жана Кыргыз Республикасы,[Жумушкердин жашаган дареги] дареги боюнча жашаган Кыргыз Республикасынын жараны [Жумушкердин аты-жөнү] (паспорту: ID/AN № [Жумушкердин паспортунун номери] берилди: [Паспорт берилген күн], берген орган: [Паспортту берген орган]), мындан ары «Жумушкер/Кызматкер/Жумушчу» деп аталып, экинчи тараптан, биргеликте «Тараптар» деп аталып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Эмгек келишимин түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Эмгек келишими боюнча Жумуш берүүчү Жумушкерге ушул Эмгек келишиминде шартталган эмгек функциясы боюнча жумуш берүүгө, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларында каралган эмгек шарттарын камсыз кылууга, Жумушкерге эмгек акысын өз убагында жана толук өлчөмдө төлөп берүүгө, ал эми Жумушкер ушул Эмгек келишиминде аныкталган эмгек функциясын (ишин, иш милдеттерин) аткарууга, уюмда колдонулуп жаткан ички эмгек тартип эрежелерин, Жумуш берүүчүнүн башка ички ченемдик укуктук актыларын сактоого, ошондой эле ушул Эмгек келишиминде жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди аткарууга милдеттенет.
1.2. Жумуш берүүчү Мамлекеттик маалымат кызматынын[Жумушкер иштей турган түзүмдүк бөлүм]түзүмдүк бөлүмүндө [Жумушкердин кызмат ордусу] кызмат орду боюнча иш милдеттерин аткарууну тапшырат, ал эми Жумушкер аткарууга алат.
1.3. Эмгек келишими боюнча Жумушкер үчүн жумуш [Жумуштун түрү] болуп саналат.
1.4. [Уюмдун имаратынын дареги (иштеген жери)] дареги боюнча жайгашкан уюмдун имараты Жумушкердин иштеген жери болуп саналат:
1.5. Эмгек келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алып түзүлдү жана Тараптар үчүн, анын ичинде сот жана башка органдарда Жумушкер менен Жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек талаштарын чечүүдө милдеттүү документ болуп саналат.
2. Келишимдин колдонуу мөөнөтү
2.1. Эмгек келишими [Келишимдин мөөнөтү] [Мөөнөттүү келишим түзүүнүн себеби]
(эгерде Эмгек келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлсө, себеби көрсөтүлөт)
[Келишим аяктаган күн] чейин
[Келишимдин мөөнөтү боюнча тактоо] түзүлөт
2.2. Эмгек келишими [Келишим күчүнө кирген күн] баштап күчүнө кирет.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Жумушкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. Кызматтык нускамаларга, Жумуш берүүчү тарабынан Жумушкерге берилүүчү оозеки жана жазуу жүзүндөгү тапшырмаларга ылайык жумушту аткарууга;
3.1.2. Иш милдеттерин ак ниет, өз убагында, жогорку кесипкөй деңгээлде аткарууга;
3.1.3. Жумушкерге иш милдеттерин аткарууга, же болбосо көрсөтүлгөн максатта түздөн-түз пайдаланууга берилген Жумуш берүүчүнүн жабдууларын жана башка мүлкүн туура жана орду менен колдонууга, аяр мамиле кылууга жана сакталышын камсыз кылууга;
3.1.4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жумушкер тарабынан иштелип жаткан документтердин сактыгын жана купуялуулугун камсыз кылууга;
3.1.5. Жумуш берүүчүнүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына жана чет өлкөгө иш сапарларга чыгууга;
3.1.6. Эгерде Жумуш берүүчүнүн коммерциялык же башка кызматтык сырына жатса, иш процессинде белгилүү болгон маалыматтардын купуялуулугун сактоого;
3.1.7. Жеке маалыматтарды иштетүүдө “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптардын ченемдерин сактоого;
3.1.8. Жумуш берүүчүнүн мүлкү уурдалгандыгы жана бузулгандыгы, ички ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө Жумуш берүүчүгө токтоосуз билдирүүгө;
3.1.9. Жумушкердин компетенциясына тийиштүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларынын бардык талаптарын билүүгө жана аткарууга, кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатууга;
3.1.10. Эмгек келишимине ылайык түздөн-түз иш милдеттерин аткарууда Жумушкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ички ченемдик укуктук актыларды жана ушул Эмгек келишимин жетекчиликке алууга;
3.1.11. Уюмдун ички эмгек тартип эрежелерин жана Жумуш берүүчүнүн башка ички ченемдик укуктук актыларын сактоого;
3.1.12. Эмгек тартибин сактоого;
3.1.13. Эмгекти коргоо эрежелерин жана коопсуздук техникасын сактоого;
3.1.14. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ички ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
3.2. Жумушкер төмөнкүлөргө укуктуу:
3.2.1. Эмгек келишиминде каралган жумуш менен камсыз болууга;
3.2.2. Белгиленген тартипте иш милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды алууга;
3.2.3. Зыяндуу жана кооптуу жагдайларынан корголгон жумуш ордуна, жумуш ордундагы шарттардын абалы жана эмгекти коргоо талаптары жөнүндө маалымат алууга;
3.2.4. Кызматынан көтөрүлүүгө, өндүрүш маселелерин талкуулоого катышууга;
3.2.5. Квалификациясына, иштин татаалдыгына, аткарылган иштердин санына жана сапатына ылайык эмгек акысынын өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүшүнө;
3.2.6. Эс алууга, анын ичинде жыл сайын акы төлөнүүчү өргүүгө, жума сайын дем алыш күндөрүнө, жумуш эмес майрам күндөрүнө;
3.2.7. Мамлекеттик маалымат кызматынын ишин жакшыртууга кошкон салымына ылайык мамлекеттик сыйлыктарга жана Мамлекеттик маалымат кызматынын сыйлыктарына көрсөтүлүүгө;
3.2.8. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга;
3.2.9. Эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
3.2.10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларында белгиленген кепилдиктердин жана компенсациялардын берилишине;
3.2.11. Соттук коргоо укугун кошкондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыкмаларды колдонуп, эмгек укуктарын жана эркиндиктерин коргоого;
3.2.12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга.
2.3. Жумуш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
3.3.1. Жумушкерге ушул Эмгек келишим шарттарына ылайык жумуш берүүгө;
3.3.2. Жумушкерге иш милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жагымдуу жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга, анын ичинде Жумушкердин пайдалануусуна же башкаруусуна зарыл болгон техникалык жана материалдык каражаттарды берүүгө;
3.3.3. Эмгек келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акы төлөө шарттарын, жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын ченемдерин камсыз кылууга;
3.3.4. Жумушкерге квалификациясын дайыма жогорулатуу үчүн шарт түзүп берүүгө;
3.3.5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эмгекти коргоо эрежелерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ички ченемдик укуктук актыларды жана ушул Эмгек келишим шарттарын сактоого;
3.3.6. Жеке маалыматтарды иштетүүдө “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
21-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптардын ченемдерин сактоого;
3.3.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
2.4. Жумуш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
3.4.1. Жумушкерди ак ниет майнаптуу эмгеги үчүн сыйлоого;
3.4.2. Жумушкерден кызматтык нускамада аныкталган иш милдеттенмелеринин аткарылышын, Жумуш берүүчүнүн жана башка кызматкерлердин мүлкүнө аяр мамиле кылууну, ички эмгек тартибин сактоону талап кылууга;
3.4.3. Жумушкерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дисциплинардык жана материалдык жоопкерчиликке тартууга;
3.4.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Эмгек акы төлөө
4.1. Жумушкерге эмгек акы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөнөт;
4.2. Эмгек акы ай сайын 5-числодон кечиктирбестен төлөнөт;
4.3. Эмгек акы төлөө күнү дем алыш же майрам күндөрүнө туура келсе, эмгек акы ошол күндүн мурунку жумуш күнү төлөнөт;
4.4. Мөөнөтүнөн ашык иштөө жана дем алыш жана майрам күндөрү иштөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт;
4.5. Жумушкер ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларына ылайык ар кандай үстөктөрдү, кошумча акыларды, сыйлыктарды, компенсацияларды жана башка сый акыларды алууга укуктуу;
4.6. Тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек акы аванс менен төлөнүшү мүмкүн.
5. Жумуш убактысы жана эс алуу убактысы
5.1. Жумушкерге беш күндүк иш жумасында иш графигине ылайык эки эс алуу (ишемби, жекшемби) күнү менен жумасына 40 саат жумуш убактысы белгиленет;
5.2. Жумуш убактысы Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет;
5.3. Өндүрүштүк зарылчылык келип чыкканда Жумушкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда Жумуш берүүчү тарабынан мөөнөтүнөн ашыкча иштөөгө жана дем алыш жана/же майрам күндөрү ишке тартылышы мүмкүн.
6. Эмгек өргүү
6.1. Жумушкерге эмгек өргүү календардык жыл ичинде эмгек өргүү графигине ылайык берилет;
6.2. Жумушкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген эмгек өргүү узактыгына жараша иштеген убактысына пропорционалдуу жыл сайын эмгек өргүүгө укуктуу;
6.3. Жүйөлүү себептер боюнча Жумуш берүүчүнүн макулдугу менен Жумушкерге эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн;
6.4. Эмгек өргүү Жумуш берүүчүнүн сунушу жана Жумушкердин макулдугу менен токтотулушу мүмкүн (өргүүдөн чакыртып алуу). Ушуга байланыштуу эмгек өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү Жумуш берүүчү менен Жумушкердин ортосунда макулдашылып, ошол жыл ичинде берилет же акчалай компенсацияланат.
7. Тараптардын жоопкерчилиги
7.1. Эмгек келишимдин бир Тарабына зыян же залал келтирген экинчи Тарабы (Жумуш берүүчү же Жумушкер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде жана тартипте зыяндын же залалдын ордун толтурат;
7.2. Зыян келтиргенден кийин бул Эмгек келишимдин токтотулушу тиешелүү Тарапты жоопкерчиликтен бошотпойт.
8. Форс-мажор
8.1. Ал жеткис күч жагдайлар (форс-мажор) келип чыкканда Жумушкерге эмгек акы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөнөт;
8.2. Ал жеткис күч жагдайлары (форс-мажор): пандемия, эпидемия, согуш, суу ташкындары, өрт, жер титирөө жана башка табигый кырсыктар, иш таштоо ж.б.
9. Келишимди өзгөртүү, узартуу жана бузуу
9.1. Эмгек келишимдин шарттары Тараптардын өз ара жазуу жүзүндө макулдашуусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Өзгөртүүлөр ушул Эмгек келишимге кошумча макулдашуу менен таризделет жана эки Тарап тең кол коёт.
9.2. Эмгек келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча бузулушу мүмкүн.
9.3. Эмгек келишими Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана ушул Эмгек келишимдин шарттарына ылайык бузууга негиздер болгондо бузулду жана токтотулду деп эсептелет.
10. Корутунду жоболор
10.1. Эмгек келишимдин Тараптарынын ортосунда келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
10.2. Эмгек келишими колдонулган мезгилде Жумушкерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык кепилдиктер жана компенсациялар колдонулат.
10.3. Эмгек Келишимде каралбаган бардык башка жагдайларда Тараптар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын жана Жумуш берүүчүнүн ички ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
10.4. Эмгек келишими бирдей юридикалык күчкө ээ болгон Тараптардын ар бири үчүн бирден мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада түзүлдү.
11. Тараптардын маалым даректери жана колу
Жумуш берүүчү
Мамлекеттик маалымат кызматы Бишкек ш, Токтогул көчөсү [Жумуш берүүчүнүн үйүнүн номери] ИСН [Жумуш берүүчүнүн ИСН] Күбөлүктүн каттоо номери [Жумуш берүүчүнүн күбөлүгүнүн каттоо номери] Күбөлүк кайра катталган дата [Күбөлүк кайра катталган дата] ИУРК код [Жумуш берүүчүнүн ИУРК коду]
______________________________________ (колу) [Жетекчинин фамилиясы жана инициалдары] МО |
Жумушкер
Аты жөнү[Жумушкердин аты-жөнү] Паспорттук маалыматтар: Паспортунун №[Жумушкердин паспортунун номери] ИЖН [Жумушкердин ЖИН (ИЖН)] берилди:[Паспортту берген орган] [Паспорт берилген күн] туруктуу катталган дареги: [Жумушкердин туруктуу катталган дареги] тел. [Жумушкердин телефону] _______________________________________ (колу) [Жумушкердин аты-жөнү] |