Ушул “Социалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө” 2021-жылдын 8-февралында № 26 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрында № 352 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 737-пунктун аткаруу максатында иштелип чыккан.