“Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей, Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылы Кожомкул, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.