Санитарно-эпидемиологические правила и нормативы «Санитарно-эпидемиологические требования к условиям и организации обучения в общеобразовательных организациях» (утверждены постановлением Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 201)
6-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана колдонуу чөйрөсү
1. "Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ден соолугун сактоого багытталган.
2. Санитардык эрежелер төмөнкүлөргө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды белгилейт:
- жалпы билим берүү уюмдарынын жайгаштыруу;
- жалпы билим берүү уюмдарынын аймагына;
- жалпы билим берүү уюмдарынын имаратына;
- жалпы билим берүү уюмдарынын имаратынын жабдууларына;
- аба-жылуулук режими;
- табигый жана жасалма жарыктандыруу;
- суу менен камсыз кылуу жана канализация;
- ылайыкташтырылган имараттарда жайгаштырылган жалпы билим берүү уюмдарынын жайлары жана жабдуулары;
- билим берүү процессинин режими;
- окуучуларды медициналык тейлөөнү уюштуруу;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын санитардык абалы жана аларды күтүү;
- окуучулардын тамактануусун уюштуруу.
3. Санитардык эрежелер долбоорлонуп, иштеп, курулуп жана кайрадан конструкцияланып, башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто (толук) жалпы билим берүүнү жүзөгө ашырып жана жалпы билимдин үч тепкичинин жалпы билим берүүчү программаларына ылайык билим берүү процессин жүзөгө ашырып жаткан жалпы билим берүү уюмдарына алардын менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жайылтылат:
- биринчи тепкич - жалпы башталгыч билим берүү (мындан ары - билим берүүнүн 1-тепкичи);
- экинчи тепкич - жалпы негизги билим берүү (мындан ары - билим берүүнүн 2-тепкичи);
- үчүнчү тепкич - жалпы орто (толук) билим берүү (мындан ары - билим берүүнүн 3-тепкичи).
4. Санитардык эрежелерди талап кылуу ушул санитардык эрежелерди кабыл алууга чейин ишке киргизилген жалпы билим берүү уюмдарынын чектөө аймактарына жана жер тилкесине, оюн жана спорт аянтчаларына, кабаттуулугуна, топтомуна, бийиктигине жана бөлмөнүн аянтына таратылбайт.
2. Терминдер жана аныктамалар
5. Бул санитардык эрежелерде терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
1) билим берүү - инсанды, коомду жана мамлекетти гармониялуу өнүктүрүү максатында окуп жаткандардын мамлекет тарабынан белгиленген билим берүү деңгээлине жетишүүсүн тастыктоо менен коштолгон тарбиялоонун жана окутуунун тынымсыз, системалуу процесси. Билим алуу деп окуп жаткандардын тиешелүү документ менен тастыкталган белгилүү бир билим деңгээлине жетиши жана аны ырасташы түшүнүлөт;
2) билим берүү программасы - конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүү мазмуну;
3) жарыктык коэффициенти (ЖК) - айнек беттеринин аянтынын полдун аянтына карата катышы;
4) атайын билим берүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды атайын же жалпы билим берүү уюмдарында окутуу;
5) мектеп (жалпы) билим берүүсү - тарбиялоо жана окутуу тутуму, ушул тутумдун баскычтарына шайкеш келүүчү коомдо активдүү иштөөгө зарыл билимди, жөндөмдү, практикалык ыкты камсыз кылат.
3. Жалпы билим берүү уюмдарын жайгаштырууга талаптар
6. Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары адамдар жашаган зонада, ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоо зоналарынан, санитардык разрывдардан, гараждардан, автобекеттерден, автомагистралдардан, темир жол транспортунун объекттеринен, метрополитенден, аба транспортунун учуу жана конуу маршруттарынан тышкары жайгашуусу зарыл.
7. Жалпы билим берүү уюмдарынын жайгашуусу жана багыт алышы инсоляциянын тынымсыз үч саат узактыгын камсыз кылышы керек.
8. Жалпы билим берүү уюмдарынын аймагы аркылуу шаардык (айылдык) багыттагы магистралдык инженердик коммуникациялар - суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук менен камсыз кылуу, энергия менен камсыз кылуулары өтпөшү керек.
9. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы курулуп жаткан имараттары шаар көчөлөрүнөн, квартал арасындагы жолдордон алыс болгон, шуулдаган үндүн угулушу 55 дБАдан жогору болбогон турак кичи райондордун квартал ичиндеги аймактарында жайгаштырылат.
10. Шаардык жалпы билим берүү уюмдарын долбоорлоодо жана курууда мекемелерге жөө жетүү аралыгы 0,5 километрден ашпашы керектиги каралат.
11. Айыл жергесинде жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн жөө басып жетүү төмөнкүнү түзөт:
- билим берүүнүн 1-тепкичинин окуучулары үчүн - 2,0 кмден көп эмес;
- билим берүүнүн 2 жана 3-тепкичинин окуучулары үчүн - 3,0 кмден көп эмес.
12. Жогоруда көрсөтүлгөн аралыктарда айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында окуган окуучулардын жалпы билим берүү уюмдарына чейин барып жана кайра келүүлөрү үчүн транспорт каражаты менен тейлөө зарыл. Бир тарапка жол жүргөн убакыт 30 мүнөттөн ашпашы керек. Үйдөн топтолуу жайга чейинки аралык 500 метрден кем болбоосу зарыл.
4. Жалпы билим берүү уюмдарынын аймактарына болгон талаптар
13. Жалпы билим берүү уюмдарынын аймактары металл (торчолуу) тосмо менен курчалышы жана жашылдандырылышы керек.
Айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында тосмолордун жеңил конструкциясына, ошондой эле жашыл тосмолорго жол берилет. Тосмону бойлой бак-дарактарды отургузуу тилкеси каралышы керек.
Жалпы билим берүү уюмунун аймагын жашылдандыруу анын аянтынын 50%нан кем эмес эсебинде каралат. Жашылдандыруу климаттын өзгөчөлүктөрүнө жана региондун биологиялык түрдүүлүгүнө ылайык болууга тийиш жана катар-катары менен (чөптүн формалары, бадалдар, бактар) жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Бак-дарактар мекемеден 15,0 метрден кем эмес, ал эми бадалдар 5,0 метрден кем эмес аралыкта отургузулат. Жашылдандыруу үчүн мөмөсү уулуу бак-дарактарды жана бадалдарды колдонууга тыюу салынат.
15. Жалпы билим берүү уюмдарынын аймактары төмөнкү зоналарга бөлүнөт: эс алуу зонасы, дене тарбия жана спорт зонасы жана чарбалык зона.
16. Дене тарбия жана спорт зонасы спорттук зал тарапка жайгаштырылат. Эгерде дене тарбия жана спорт зонасы окутуу жайларынын терезесинин тушуна жайгашкан болсо, анда окутуу жайларында шуулдаган үндүн деңгээли 40 дБАдан ашпашы керек. Жүгүрүү жолдорун жана спорттук (волейболдук, баскетболдук, кол топ оюну үчүн) аянттарды орнотууда, алар жамгыр суусунун алдында калбашы үчүн дренаж жасоо зарыл.
17. Дене тарбия жана спорт зонасынын жабдуусу "Дене тарбия" окуу сабагынын программасынын аткарылышын, ошондой эле секциялык спорттук сабактардын жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларынын өткөрүлүшүн камсыз кылышы керек.
18. Спорттук-оюн аянттарынын үстүнкү катмары катуу, футбол талаасынын үстү чөп болушу зарыл. Синтетикалык жана полимердик үстүнкү катмарлар суукка чыдамдуу болушу керек, балдардын ден соолугуна зыян келтирбеген материалдардан жасалган суу түтүктөрү менен жабдылышы зарыл.
19. Дене тарбия-спорттук жабдуулар окуучулардын бою-жашынын өзгөчөлүктөрүнө ылайык келиши керек.
Спорттук снаряддар жана жабдуулар бүтүн, оң абалда жана туруктуу орнотулууга тийиш.
Жалпы билим берүү уюму жыл сайын, окуу жылынын башталышынын алдында спорттук жабдууларды баалоо боюнча комиссия түзөт.
Комиссиянын курамына жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын өкүлү, дене тарбия жана спорт мугалими, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кирет.
Комиссия спорттук жабдуулардын окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздугун баалоону жүргүзөт.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча баалоонун жыйынтыгын спорттук жабдуулардын абалынын журналына жазуу менен кабыл алуу актысы түзүлөт.
Коопсуздук баалоодон өтпөгөн оң эмес абалдагы дене тарбия-спорттук жабдууларды колдонууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жалпы билим берүү уюмдардын долбоорлоодо жана курууда анын аймагында узартылган күндүзгү топтун катышуучуларынын окуучулардын кыймылдуу оюндарын жана эс алуусун уюштурууга, ошондой эле таза абада өткөрүлүүчү иш-чараларды караган билим берүү программаларды ишке ашыруу үчүн эс алуу зонасы каралышы зарыл.
21. Чарбалык зона ашкананын өндүрүш имаратынын кире бериш тарабына жайгаштырылат жана көчө жактан өз алдынча эшиги болот. Жылуулук жана борбордоштурулган суу менен камсыз кылуу болбогон учурда чарбалык зонанын аймагына от казан жана суу басымы күчтүү чоң идиши бар насос жайгаштырылат.
22. Таштандыларды чогултуу үчүн чарбалык зонанын аймагында аянт жабдылат, ага таштанды чогулткучтар (контейнерлер) коюлат. Ал аянт тамак-аш блогунун кире беришинен, окуу класстарынын, кабинеттердин терезелеринен 25,0 м кем эмес аралыкта жайгаштырылат жана үстү суу өткөрбөгөн катуу катмар менен жабдылат, анын өлчөмү контейнердин түпкү аянтынан бардык жагы 1 метрден чоң болот. Таштанды чогулткучтардын бекем жабылуучу капкактары болушу керек.
23. Аймакка кирүүчү жолдорго, өткөөлдөргө, чарбалык курулмаларга, таштанды чогулткучтар турган аймакка кеткен жолдорго асфальт, бетон жана башка катуу катмар салынат.
24. Жалпы билим берүү уюмдардын аймагында жасалма сырткы жарык бергичтер болушу керек. Жасалма жарык бергичтердин жердеги деңгээли 10 лкдан кем болбошу зарыл.
25. Аймакта жалпы билим берүү уюмдарына функционалдык байланышы жок курулуштардын жана курулмалардын жайгашуусу мүмкүн эмес.
26. Эгерде уюмунда мектепке чейинки жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программасын ишке ашырып жаткан мектепке чейинки топ бар болсо, аларга аянттан мектепке чейинки уюмдардын түзүлүшүнө, мазмунуна жана иш тартибин уюштурууга болгон талаптарга ылайык жабдылган оюн зонасы бөлүнүп берилет.
5. Жалпы билим берүү уюмдарынын имаратына коюлган талаптар
27. Цоколдук этаждарды жана жер төлөө жайларын окуу жайлар, кабинеттер, лабораториялар, окуу устаканалары, медициналык багыттагы жайлар, спорттук, бий жана актовый залдар катары пайдаланууга мүмкүн эмес.
28. Жаңыдан же кайрадан конструкцияланып жаткан жалпы билим берүү уюмдарынын сыйымдуулугу бир сменада гана окуу үчүн эсептелет.
29. Жалпы билим берүү уюмдарын долбоорлоодо, курууда жана кайрадан конструкциялоодо гардеробдорду ар бир класс үчүн милдеттүү түрдө жабдылган орундары менен биринчи-кабатка жайгаштыруу зарыл. Гардеробдор кийим, баш кийим илгичтер жана бут кийим койгучтар менен камсыз кылынат. Иштеп жаткан имараттарда башталгыч класстардын окуучулары үчүн гардеробдор, аларды жеке шкафтар менен жабдуу шарты болсо рекреацияларда жайгаштырылат.
30. Айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында бир класстагы окуучулардын саны 10дон ашпаса, окуу класстын 1 окуучуга болгон аянтынын ченеми бузулбаса, окуу класстарда гардеробдор (илгичтер же шкафтар) жайгаштырылат.
31. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн окуу класстары имараттын үчүнчү кабатынан жогору жайгаштырылбайт.
32. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңыдан курулуп жаткан имараттарында башталгыч класстар үчүн окуу жайлар өзүнчө блокко (имаратка) бөлүнөт, окуу секцияларга топтолот. 1-4-класстардын окуучулары үчүн окуу секцияларга (блокторго) төмөнкүлөр жайгаштырылат: рекреациялары бар окуу жайларды, узартылган күндүн топтору үчүн оюн бөлмөлөрдү (бир окуучуга 2,5 м2 кем эмес эсебинде), дааратканаларды.
33. Билим берүүнүн 2-3-тепкичинин окуучуларына билим берүү процессин уюштуруу ютасстык-кабинеттик система боюнча уюштурууга мүмкүнчүлүк берилет. Эгерде кабинеттерде жана лабораторияларда окуу эмеректерин окуучулардын бою-жашы боюнча өзгөчөлүктөрүнө ылайык келтирүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, окутуунун кабинеттик системасын колдонууга уруксат берилбейт.
34. Айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында класстар толбой калганда окуу кабинеттери эки жана андан көп сабак боюнча колдонулат.
35. Окуу кабинеттеринин аянты окуу процессинде колдонулуучу окуу куралдарды жана жабдууларды сактоо үчүн кошумча эмеректерди (шкаф, тумба, ж.б.) коюу үчүн керектелүүчү аянтты эсептебестен, 1 окуучуга 2,5 м2ден кем эмес, ал эми иштин топтук формасын жана жеке сабактарды уюштуруу да 1 окуучуга 3,5 м2ден кем эмес катыштан алынат.
36. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы курулуп жана кайрадан конструкцияланып жаткан имараттарында окуу жайларынын бийиктиги 3,0-3,5 м. Класстарда окуучулардын эсептелүүчү саны бир окуучуга болгон аянтынын жана ушул эрежелердин 5-бөлүмүнө ылайык эмеректерди коюу эсебинен аныкталат.
37. Химия, физика, биология кабинеттеринде лаборанттар үчүн жайлар 16,0 м2 кем эмес жабдылышы керек.
38. Информатика жана башка персоналдык компьютерлер колдонулуучу кабинеттердин аянты персоналдык электрондук-эсептөөчү машиналарына болгон гигиеналык талаптарга ишти уюштурууга дал келиши керек.
39. Спорттук зал имараттын 1-2-кабаттарына же өзүнчө курулган имаратка жайгаштырылат. Спорттук залды 2-кабатка же андан жогору жайгаштырууда үндөн жана дирилдөөдөн обочолонтуу иш чаралары аткарылышы зарыл.
40. Спорттук залдардын аянты: 9,0х18,0 м, 12,0х24,0 м, 18,0х30,0 м. Спорттук залдын бийиктиги 6,0 м кем болбошу керек.
41. Иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарынын спорттук залдарында снаряддык бөлмөлөр; эркек балдар жана кыздар үчүн чечинип-кийинүүчү бөлмөлөр, душ бөлмөлөрү жана дааратканалар каралат.
42. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы салынып жаткан имараттарынын спорттук залдарында төмөнкүлөр каралышы керек: снаряддар үчүн бөлмөлөр; аянты 4,0 м2ден турган тазалоочу инвентарларды сактоо жана дезинфекциялоо жана жуучу эритмелерди жасоо үчүн жайлар; эркек балдар жана кыздар үчүн чечинип-кийинүүчү ар бири 12 м2ден кем эмес болгон өзүнчө бөлмөлөр; эркек балдар жана кыздар үчүн ар бири 8,0 м2 кем эмес өзүнчө дааратканалар; дааратканаларда жана чечинип-кийинүүчү бөлмөлөрдө кол жуу үчүн раковиналар коюлушу керек.
43. Жалпы билим берүү уюмдарында бассейндерди орнотууда пландаштыруу чечимдери жана аны колдонуу сүзүүчү бассейндердин түзүлүшүнө жана аны колдонууга жана суунун сапатына болгон гигиеналык талаптарга жооп бериши керек. Бассейндин негизги жайларынын ичин пландаштыруу төмөнкү функционалдык схема боюнча үзгүлтүксүз гигиеналык принципке дал келиши керек: гардероб, кийинип-чечинүүчү бөлмөсү, душ бөлмөсү, бут ваннасы, бассейн ваннасы. Кийинип-чечинүүчү бөлмө жана сантүйүн душ бөлмөсү менен чоң эмес тамбур же коридор аркылуу байланышат. Аялдар дааратканасында 30 кызга 1 унитаз каралат, эркектердикинде 45 балага 1 унитаз жана 1 писсуар каралат. Душ бөлмөлөрү 3 кишиге 1 душ сеткасы эсебинде жасалат. Душтан бассейндин ваннасына болгон жолго жазылыгы 1,8 м, тереңдиги 0,1-0,15 м болгон аккан суусу менен кичине бут ванналар коюлат Ванналардын периметри боюнча айланып өтүү үчүн жазылыгы 1,5 м кем эмес килемчелер төшөлөт.
44. Спорттук бассейндердин ванналарынын өлчөмү жана адамдарды киргизүү 1-таблицага ылайык келиши керек.
1-таблица
Балдардын жашы | Бассейндин ваннасынын өлчөмү | Адамдарды киргизүү мүмкүнчүлүгү (1 сменада/адам) | 1 адамга болгон суунун күзгүсүнүн өлчөмү, м2 | |||
Узундугу (м) | жазылыгы (м) | тереңдиги (м) | ||||
тайыз жеринде | терең жеринде | |||||
14 жаштан жогору балдар | 10-12,5 | 6 | 0,9 | 1,25 | 15 | 4-5 |
10-14 жаш | 10-12,5 | 6 | 0,8 | 1,05 | 15 | 4-5 |
7-10 жаш | 10-12,5 | 6 | 0,6 | 0,85 | 15 | 4-5 |
45. Сүзүүчү бассейндер бассейндин ванналарындагы сууну алмаштырып турууну камсыз кылуучу системалар менен жабдылышы зарыл. Сууну алмаштыруу мүнөзү боюнча бассейндердин төмөнкүдөй тибине жол берилет:
- рециркуляциялык түрүндөгү бассейндер;
- агымдуу түрдөгү бассейндер;
- мезгили менен суу алмаштыруучу бассейндер.
46. Бассейндеги сууну милдеттүү түрдө жугушсуз кылуу керек. Сууну жугушсуз кылуу үчүн колдонулган реагенттер балдардын ден соолугуна коопсуз болушу керек.
47. Бассейндин ваннасына келген суунун сапаты жана коопсуздугу ичимдик суунун талаптарына ылайык келиши керек.
48. Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн бир нече жайлар каралышы зарыл.
49. Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын курууда жана кайрадан конструкциялоодо актовый зал каралышы зарыл, анын өлчөмү бир орунга 0,65 м2 эсебинде отургучтардын саны менен аныкталат. Актовый залга караштуу артисттер үчүн бөлмөлөр, кинопроекциялык бөлмөлөр, жасалгалар жана бутафориялар, музыкалык аспаптар, костюмдарды сактоо үчүн жайлар каралат.
50. Китепкананын тиби жалпы билим берүү уюмдарынын түрүнө жана анын сыйымдуулугуна жараша болот. Айрым сабактар тереңдетилип окутулган мекемелерде, гимназияларда жана лицейлерде китепкана жалпы билим берүү уюмдарынын маалымдама-маалыматтык борбору катары колдонулат. Китепкананын (маалыматтык борбордун) өлчөмүн бир окуучуга 0,6 м2ден кем эмес эсепте алыш керек.
51. Жалпы билим берүү уюмдарынын рекреациялары бир окуучуга 0,6 м2ден кем эмес эсепте каралышы керек. Рекреациялардын жазылыгы класстык бөлмөлөр бир тарапта жайгаштырылса - 4,0 м кем эмес, ал эми эки тарапта жайгаштырылса - 6,0 м кем болбошу керек.
52. Иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарында окуучуларды медициналык жактан тейлөө үчүн имараттын биринчи кабатында бирдик блокто жайгашкан медициналык багыттагы жайлар каралышы зарыл: аянты 14,0 м2ден кем эмес жана узундугу 7,0 м кем эмес врачтын кабинети (окуучулардын кулагынын угушун жана көзүнүн көрүүсүн аныктоо үчүн) жана аянты 14,0 м2ден кем эмес процедуралык бөлмө (эмдөө үчүн).
53. Айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарында медициналык жактан тейлөө фельдшердик-акушердик пункттарда жана амбулаторияларда уюштурулат.
54. Стоматологиялык кабинетти жабдууда анын аянты 14,0 м2ден кем болбошу керек.
55. Медициналык багыттагы бардык жайлар бир блокто топтолуп, имараттын 1-кабатында жайгаштырылышы керек.
56. Психологиялык-педагогикалык жардам керек болгон балдар үчүн жалпы билим берүү уюмдарында педагог-психологдун жана мугалим-логопеддин аянты 10 м2ден кем болбогон кабинеттери алдын ала каралат.
57. Ар бир кабатта каалгасы бар кабиналары менен жабдылган балдар жана кыздар үчүн дааратканалар жайгаштырылышы керек. Санитардык шаймандардын саны төмөнкү эсепте аныкталат: 20 кызга 1 унитаз, 30 кызга 1 жуунгуч: 30 балага 1 унитаз, 1 писсуар жана 1 жуунгуч. Балдар жана кыздар үчүн санитардык түйүндөрдүн аянты бир окуучуга 0,1 м ден кем эмес эсебинде саналат.
58. Персонал үчүн 20 кишиге 1 унитаз эсебинде өзүнчө сантүйүн бөлүнүп берилет.
59. Санитардык түйүндөрдө бут менен баскычтары бар чакалар, даарат кагаздары үчүн илгичтер орнотулат; жуунуучу раковиналардын жанына электр сүлгү же кагаз сүлгү илгич тагылат. Санитардык-техникалык шаймандар оң болушу керек, сыныктары, жаракалары жана башка кемчиликтери болбоосу зарыл. Сантүйүндөрдүн кире беришин окуу жайлардын кире беришинин тушуна жайгаштырууга тыюу салынат.
60. Унитаздар жуучу жана дезинфекциялануучу каражаттар менен тазалоого мүмкүн болгон материалдардан жасалган отургучтар менен жабдылат.
61. Билим берүүнүн 2 жана 3-тепкичтериндеги окуучулар үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы курулуп жаткан жана кайрадан конструкцияланып жаткан имараттарында аянты 3,0 м2ден турган 70 адамга 1 кабина эсебинде жеке гигиена бөлмөсү алдын ала каралат. Алардын ичине ийилчээк түтүкчө, унитаз жана муздак жана ысык суусу бар жуунуучу раковина коюлат.
62. Жалпы билим берүү жеке гигиена кабинети даараткана бөлмөлөрүндө жабдылат.
63. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы салынып жаткан имараттарында ар бир кабатта түбүнөн муздак жана ысык сууну өткөрүп тазалоочу шаймандарды сактоо жана тазалоо жана дезинфекциялоо эритмелерди жасоо үчүн жайлар алдын ала каралат. Жалпы билим берүү уюмдарынын мурда салынган имараттарында тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн (тамак-аш блогунун жана медициналык багытындагы жайларды тазалоо үчүн дайындалган шаймандардан тышкары) шкаф коюлган өзүнчө орун бөлүнүп берилет.
64. Башталгыч класстардын жайларында, лаборант бөлмөсүндө, окуу кабинеттерде (химия, физика, сүрөт, биология), устаканаларда, үй-тиричилик кабинеттеринде, медициналык багыттагы бардык жайларда кол жуу үчүн раковиналар коюлат.
65. Окуу жайларында раковиналар окуучулардын бою-жашы боюнча өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен орнотулат: 1-4-класстардын окуучулары үчүн полдон раковинанын четине чейин 0,5 метр бийиктикте жана 5-11-класстын окуучулары үчүн 0,7-0,8 м бийиктикте. Раковиналардын жанына бут менен баскычы бар чакалар, даарат кагаздарын илгичтер орнотулат; жуунуучу раковиналардын жанына электр сүлгү же кагаз сүлгү илгич тагылат, самын коюлат. Самын, даарат кагаз жана сүлгүлөр дайыма болууга тийиш.
66. Бардык жайлардын шыптары жана дубалдары жылмакай болушу керек, жылчыктары, жаракалары, деформациялары, грибок ооруусунун белгилери жок болушу керек жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоого мүмкүн болушу керек.
67. Окуу жайлардын, кабинеттердин, рекреациялардын полуна тактай, паркет, плитка же линолеум салынышы керек. Эгерде плитка салынса, тайгак болбошу үчүн үстү күңүрт жана жылмакай эмес болушу керек. Дааратканалардын жана жуунуу бөлмөлөрдүн полуна керамика плиткасын салуу сунушталат. Бардык жайлардын полу жылчыктары, дефекттери жана механикалык бузулуулары болбошу керек.
68. Медициналык багыттагы жайлардын шыбынын, дубалынын жана полунун үстү нымдуу тазалоого, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарга туруктуу болуш үчүн жылмакай болууга тийиш.
69. Бардык куруу жана жасалгалоо материалдары балдардын ден соолугуна зыяны жок болушу керек.
70. Жалпы билим берүү уюмунда окуучулар болгон мезгилде бардык түрдөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
71. Жалпы билим берүү уюмдарда окуучулардын күнү-түнү болуусунда төмөнкүлөр алдын ала каралышы керек:
- аянты бир балага 4,0 м2ден кем эмес балдар жана кыздар үчүн өзүнчө уктоо жайлары;
- аянты бир окуучуга 2,5 м2ден кем эмес өз алдынча даярдануу үчүн жайлар;
- эс алуу жана психологиялык эс алуу бөлмөлөрү;
- жуунуучу жайлар (10 адамга 1 раковина), дааратканалар (10 кызга 1 унитаз, 20 балага 1 унитаз жана 1 писсуар, ар бир дааратканада кол жуучу 1 раковина), душ бөлмөсү (20 адамга 1 душ торчосу), гигиена бөлмөсү;
- кийим жана бут кийим кургатуучу бөлмө;
- жеке кийимдерди жуучу жана үтүктөөчү жай;
- жеке кийимдерди сактоо үчүн жай;
- медициналык камсыз кылуу үчүн жай: врач кабинети;
- изолятор;
- административдик-чарбалык жайлар.
"ЦБД" МБ эскертүүсү: 71-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги тексттин 71-пунктундагы абзацтардын санына дал келбейт.
72. Уктоо корпусу өзүнчө турат же аны жалпы билим берүү уюмдарынын негизги имаратынын курамына киргизсе болот. Өзүнчө турган уктоо корпусу имаратка жылуу өтмө менен кошулат.
73. Жалпы билим берүү уюмдарынын жайларындагы шуулдаган үндүн деңгээли 40 дБАдан жогорулабашы керек.
6. Жалпы билим берүү уюмдарынын жайларына жана жабдууларына болгон талаптар
74. Окуучулар үчүн орундун саны долбоор тарабынан каралган жалпы билим берүү уюмдарынын сыйымдуулугунан ашпашы керек.
75. Окуу жайларынын багытына жараша окуучулук эмеректердин ар кандай түрлөрү колдонушу мүмкүн: мектеп партасы, окуучунун столу (бир орундуу жана эки орундуу), аудиториялык, чийүү үчүн же лабораториялык столдор отургучтары менен. Жөлөнгүчү жок олтургучтар колдонулбайт.
76. Окуучулук эмеректер балдардын ден соолугуна зыяны жок материалдардан жасалышы керек жана балдардын бою-жашы боюнча өзгөчөлүктөрүнө дал келиши зарыл.
77. 1-тепкичтин окуучулары үчүн окуучулук эмеректердин негизги түрү болуп, үстү эңкейүүчү мектеп партасы болушу керек. Жазууга, окууга үйрөтүп жатканда мектеп партасынын үстүнүн эңкейиши 7-15 градусту түзүшү керек. Отургучтун алдыңкы чети партанын астына 1-номердеги парталардыкына 4 сантиметрге, 2-3-номердегилерге 5-6 сантиметрге жана 4-номердегилерге 7-8 сантиметрге кириши керек.
78. Окуу эмеректеринин өлчөмү окуучулардын боюна жараша 2-таблицадагы маанилерге дал келиши керек.
2-таблица
Эмеректин өлчөмү жана аны маркировкалоо
Эмеректин номери | Бой тобу, мм | Столдун окуучуга караган четинин полго карата болгон бийиктиги, мм | Маркировкалоонун өңү | Отургучтун берки четинин полго карата болгон бийиктиги, мм |
1 | 1000-1150 | 460 | Кызгылт-сары | 260 |
2 | 1150-1300 | 520 | Кызгылт-көк | 300 |
3 | 1300-1450 | 580 | Сары | 340 |
4 | 1450-1600 | 640 | Кызыл | 380 |
5 | 1600-1750 | 700 | Жашыл | 420 |
6 | 1750дөн жогору | 760 | Көгүш | 460 |
79. Окуучулардын боюна жараша окуу эмеректерин тандоо үчүн аларды өңдөрү боюнча маркировкалоо жүргүзүлөт, аны столдун жана отургучтун сырткы көрүнүп турган капталына тегерекче же тилкелер түрүндө түшүрөт.
80. Парталар (столдор) окуу жайларында номерлери боюнча коюлат: кичирээктери доскага жакын, чоңдору - арыраак. Кулагы катуу балдар үчүн парталар биринчи катарга коюлат.
81. Көзү начар көргөн балдар класстык доскага жакын парталарга отургузулат.
82. Ангина, суук тийүү оорулары менен тез-тез ооруган балдар имараттын сырткы дубалынан алыс отургузулат.
83. Бир окуу жылында эки жолудан кем эмес четки катарда отургандарды, 1 жана 3-катар (парталарды үч катар кылып койгон учурда), эмеректин бойлоруна жараша дал келүүсүн бузбастан орундары менен алмаштырат.
84. Келбеттери бузулбашы үчүн биринчи сабакка келген күндөн тартып туура отурууга үйрөтүү зарыл.
85. Окуу жайларды жабдууда төмөнкү өткөөлдөрдүн жана аралыктардын өлчөмдөрү сакталышы керек:
- эки орундуу столдордун катарларынын арасы - 60 сантиметрден кем эмес;
- сырткы дубал менен жанындагы катардын арасы - 70 сантиметрден кем эмес;
- ички дубал (тоскуч) же шкафтар менен жанындагы катардын арасы - 160 сантиметрден кем эмес;
- акыркы столдор менен класстык доскага карама-каршы турган дубалга (тоскучка) чейин аралык 140 сантиметрден кем эмес, сырткы деп эсептелген арткы дубалга чейин - 100 сантиметр;
- демонстрациялык столдон окуу доскасына чейин - 140 сантиметрден кем эмес;
- биринчи партадан окуу доскасына чейин - 280 сантиметрден кем эмес;
- акыркы отурган окуучунун окуу доскасынан эң көп алыстыгы - 860 сантиметр;
- окуу доскасынын ылдыйкы чети полдон 70-90 сантиметрге өйдө болушу керек;
- эмеректи төрт катар кылып коюуда кабинеттердин квадрат же туурасынан болгон конфигурациясында класстык доскадан столдордун биринчи катарына чейин - 300 сантиметрден кем эмес.
86. Узундугу 3,0 м болгон досканын четинен алдыңкы столдо отурган окуучунун акыркы ордунун ортосуна чейинки досканы көрүү бурчу билим берүүнүн 2-3-тепкичинин окуучулары үчүн кеминде 35 градус жана билим берүүнүн 1-тепкичинин окуучулары үчүн кеминде 45 градус болот. Терезелерден эң алыс турган орун 6,0 метрден ашпоого тийиш.
87. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы салынып жана кайрадан конструкцияланып жаткан имараттарында окуу столдорун терезени бойлото коюп жана эшиктин жарыгы сол тараптан болуусу менен окуу жайлардын жана кабинеттердин түз бурчтук конфигурациясын алдын ала кароо зарыл.
88. Бор колдонулуучу класстык доскалар чагылышпаган кочкул жашыл жана күрөң түстө жана бордун чаңын тосуп туруу, борду сактоо үчүн ноосу, чүпүрөгү жана чертеж шаймандары үчүн илгичи болушу керек.
89. Маркердик досканы пайдаланган учурда маркердин түсү досканын түсүнө карама-каршы болушу керек (кызыл, кара, күрөң, көктүн жана жашылдын кочкул түстөрү).
90. Окуу жайларда жана кабинеттерде интерактивдик досканы жана проекциялык экранды колдонууда анын тегиз жарык берүүсүн жана чайыттай жарык тактардын жок болушун камсыз кылуу зарыл.
91. Физика жана химия кабинеттери атайын демонстрациялык столдор менен жабдылышы керек. Окуу-көрсөтмө куралдарынын жакшы көрүнүп турушу үчүн демонстрациялык стол подиумга орнотулат. Окуучулук жана демонстрациялык столдордун үстү агрессивдүү химиялык заттарга туруктуу болуш керек жана столдун сырткы четтери боюнча коргоо борттору болуш керек. Химия жана лаборанттын кабинети химиялык заттардын жытын тартып алуучу шкафтары менен жабдылат.
92. Информатика кабинетинин жабдылышы ишти уюштурууга жекече электрондук-эсептөө машиналарына санитариялык-эпидемиологиялык талаптар эрежелерине шайкеш келиши керек.
93. Эмгекке окутуу үчүн устаканалардын аянты 1 иш орунга 6,0 м2 эсебинде бөлүнөт. Устаканаларда жабдууларды жайгаштыруу көрүнүктүү жана туура позада иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жүргүзүлөт.
94. Жыгач устаканалары терезеге карата 45 градус бурчта же жарык сол жактан тийүү үчүн жарык тийген дубалга перпендикуляр коюлган 3 катар верстактар менен жабдылат. Верстактардын ортосундагы аралык алдыга-артка болгон багытта 0,8 метрден кем эмес болбоого тийиш.
95. Бир орундуу верстактардын катарынын ортосундагы аралык 1,0 метрден кем эмес, ал эми эки орундуулардыкы - 1,5 метр болушу керек. Верстактарга кыскычтар алардын окторунун ортосуна 0,9 метр аралыкка бекитилет. Жыгач менен иштөөчү верстактар бийиктиги 0,65-0,7 метр болгон алдын ала сактагыч торлору менен камсыз болушу керек.
96. Бургуучу жана курчутуучу жана башка станоктор атайын фундаментте орнотулушу керек жана алдын ала сактагыч торлору, айнектер менен жабдылышы жана ичине жарык берилиши керек.
97. Жыгач жана темир менен иштөөчү верстактар окуучулардын боюна дал келиши керек жана бут койгучтары болуш керек.
98. Жыгач жана темир устаканалар жана кыздар үчүн үй-тиричилик кабинеттери муздак жана ысык суусу бар жуунуучу раковиналар, электр сүлгүлөр же кагаз сүлгүлөр менен камсыз болушу керек.
99. Жалпы билим берүү уюмдарынын жаңы курулуп жаткан жана кайрадан конструкцияланын жаткан имараттарында үй-тиричилик кабинеттеринде экиден кем эмес жай алдын ала каралышы керек: тамак жасоо ыкмаларына үйрөтүү үчүн, бычып жана тигүү үчүн.
100. Тамак жасоо ыкмаларына үйрөтүү үчүн колдонгон үй-тиричилик кабинетине муздак жана ысык суусу бар эки уялуу сууну чабыштыргычы бар жуучу раковиналар, гигиеналык катмары бар 2ден кем эмес стол, муздаткыч, электр плиткасы жана идиш-аяк сактоо үчүн шкаф алдын ала каралат. Идиш-аякты жуу үчүн уруксат берилген жуучу каражатты пайдаланууга мүмкүн.
101. Бычып жана тигүү үчүн колдонгон үй-тиричилик кабинети үлгү чийүү жана бычуу үчүн столдор жана тигүү машиналары менен жабдылат. Тигүүчү машиналар сол тараптан алардын үстүнө эшиктин жарыгы тийгидей кылып терезени бойлото коюлат же маңдайынан тигүүчү машинанын үстүнө жарык тийиш үчүн терезенин так тушуна коюлат.
102. Иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарында эгерде бир эле үй-тиричилик кабинети болсо, электр плитасын, иштетүү столдорду, идиш жуугучтарды жана жуунгучту жайгаштыруу үчүн өзүнчө орун жабдылат.
103. Эмгекке үйрөтүү устаканалары, үй-тиричилик кабинеттери, спорттук залдар биринчи медициналык жардам берүү үчүн аптечкалар менен камсыз болушу керек.
104. Узартылган күндүн тобуна катышкан биринчи класстын окуучулары үчүн уктоочу жайлар балдар жана кыздарга өзүнчө болушу керек. Алар өспүрүмдүк (1600х700 мм өлчөмү менен) же орнотулган бир ярустуу керебеттер менен жабдылат. Уктоо бөлмөлөрүндөгү керебеттердин арасын анча көп кылбай жайгаштырат: сырткы дубалдан - 0,6 метрден кем эмес, жылуулук бергичтерден - 0,2 метр, керебеттердин ортосундагы жазылык - 1,1 метрден кем эмес, эки керебеттин баш жагындагы аралыгы - 0,3-0,4 м.
105. Узартылган күндүн тобуна катышкан биринчи класстын окуучулары үчүн оюн бөлмөлөрүндө эмеректер, оюн жана спорттук жабдуулар окуучулардын боюна дал келиши керек. Эмеректи аянттын көбүрөөк бөлүгүн кыймылдуу оюндар үчүн бошотуп, оюн бөлмөнүн периметри боюнча коюу зарыл. Жумшак эмерек колдонууда чечилүүчү каптары (2ден кем эмес) болуш керек, аларды милдеттүү түрдө бир айда бир жолудан кем эмес жана кирдегенде алмаштырып туруу зарыл. Оюнчуктарды жана окуу куралдарын сактоо үчүн атайын шкафтар коюлат.
106. Телевизорлор атайын тумбаларга полдон 1,0-1,3 м бийиктикте коюлат. Телекөрсөтүүлөрдү көрүүдө көрүүчүлөрдүн орду экрандан көрүүчүлөрдүн көзүнө чейинки 2 м кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
7. Аба-жылуулук режимине болгон талаптар
107. Жалпы билим берүү уюмдарынын имараттары борбордук жылуулук берүү жана аба алмаштыруу системалары менен жабдылат, алар турак жана коомдук имараттарды куруу жана долбоорлоштуруу ченемдерине дал келиши керек жана микроклиматтын жана аба чөйрөсүнүн оптималдуу параметрлерин камсыз кылышы керек.
Микроклиматты жакшыртуу максатында окуу жайларды жана рекреацияларды жашылдандыруу пайдаланылат. Жайларды жашылдандыруу үчүн фитонциддик активдүүлүгү жогору болгон, уулуу заттарды жана көмүр кычкыл газды өзүнө сиңирип алуу жөндөмүнө ээ өсүмдүктөр колдонулат. Ички жашылдандыруу үчүн тикенектүү жана уулуу өсүмдүктөрдү колдонууга, ошондой эле эвакуациялоо жолдоруна орнотууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
108. Уюмдарда буу менен жылуулук берүү колдонулбайт. Жылуулук берүү приборлоруна тосмолорду орнотууда колдонулуучу материалдар балдардын ден соолугуна зыян келтирбеши керек. Жыгач-кырынды плиткасынан жана башка полимердик материалдардан жасалган тосмолорго тыюу салынат.
109. Ташып жүрүүчү жылуулук берүү приборлорун, ошондой эле инфракызыл нур чыгарган жылыткычтарды колдонууга болбойт.
110. Климаттык шарттарга карата абанын температурасы окуу жайларында жана кабинеттерде, психологдун жана логопеддин кабинетинде, лабораторияларда, актовый залда, ашканада, рекреацияларда, китепканада, кире бериштеги бөлмөдө, гардеробдо - +18° - +24 °С болушу керек; спорттук залда жана секциялык сабактарды өткөрүү үчүн бөлмөлөрдө, устаканаларда - +17° - +20 °С; уктоочу жайда, оюн бөлмөлөрүндө, мектепке чейинки билим берүү бөлүкчөлөрүнүн жана мектепке караштуу интернаттын жайларында - +20° - +24 °С; медициналык кабинеттерде, спорттук залдын кийинип-чечинүүчү бөлмөсүндө - +20° - +22 °С, душ бөлмөсүндө - +25 °С.
111. Температураны контролдоп туруу үчүн окуу жайлар жана кабинеттер тиричилик термометрлери менен камсыз болушу керек.
112. Сабактардан сырткары мезгилде, жалпы билим берүү уюмдарынын жайларында балдар жок кезде +15 °С төмөн эмес температура кармалып турушу керек.
113. Жалпы билим берүү уюмдарынын жайларында абанын салыштырмалуу нымдуулугу 40-60%ды түзүш керек, абанын кыймыл ылдамдыгы 0,1 м/секундадан көп болбошу керек.
Окуу жайдагы көмүртектин диоксидинин орточо концентрациясы миллионго 1500 бөлүкчөдөн (ppm) ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 токтомунун редакциясына ылайык)
114. Эгерде иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарында от жагуу меши бар болсо, анда от коридордон жагылат. Жайлардагы абаны кычкыл көмүртек менен бузбоо үчүн мештин түтүгү отун толугу менен күйүп бүткөндө жана окуучулар келгенге чейин эки саат эрте жабылышы керек.
115. Окуу жайлар танапис учурунда желдетилет, ал эми рекреациялыктар - сабак учурунда. Сабактар башталганча жана алар бүткөндө окуу жайларын өтмө шамал менен желдетүү керек. Өтмө шамал менен желдетүүнүн узактыгы аба ырайына, шамалдын багытына жана ылдамдыгына, жылуулук берүү системасынын натыйжалуулугуна карата аныкталат. Өтмө шамал менен желдетүүнүн сунушталуучу узактыгы ушул санитардык эрежелердин 3-таблицасында көрсөтүлгөн.
3-таблица
Сырттагы абанын температурасына карата өтмө шамал менен желдетүүнүн сунушталуучу узактыгы
Сырттагы температура, °С | Жайларды желдетүүнүн узактыгы, мин. | |
кичине танапистерде | чоң танапистерде жана сменалардын ортосунда | |
+10дон + 6га чейин | 4-10 | 25-35 |
+5тен 0го чейин | 3-7 | 20-30 |
0дон - 5ке чейин | 2-5 | 15-25 |
-5тен - 10го чейин | 1-3 | 10-15 |
-10дон төмөн | 1-1,5 | 5-10 |
116. Дене тарбия сабактары жана спорттук секциянын сабактары жакшы аэрациялануучу спорттук залдарда өткөрүлөт.
117. Терезелердин ачылуучу рычагдык аспаптары бар фрамугдары же форточкалары болушу керек. Желдетүү үчүн колдонулган фрамугдардын жана форточкалардын аянты окуу жайларында полдун 1/50 аянтынан кем болбошу керек. Фрамугдар жана форточкалар жылдын бүт мезгилинде оң абалда болушу зарыл.
118. Терезелерге бүтүн айнек полотнолор салынышы керек. Сынган айнектерди тез арада алмаштыруу зарыл.
119. Абаны оп тартуучу өзүнчө системалар төмөнкү жайлар үчүн каралат: окуу жайлар жана кабинеттер, актовый залдар, бассейндер, тирлер, ашканалар, медициналык пункттар, киноаппарат бөлмөсү, санитардык түйүндөр, тазалоочу шаймандарды даярдоочу жана сактоочу жайлар, жыгач жана темир устаканалар. Механикалык абаны оп тартуу системасы устаканаларда жана мештер коюлган тейлөөчү эмгек кабинеттеринде орнотулат.
8. Табигый жана жасалма жарыктандырууга болгон талаптар
120. Турак жана коомдук имараттарга табигый, жасалма, биргелешкен жарыктандырууга болгон гигиеналык талаптарга ылайык бардык окуу жайларында табигый жарык берилиши керек.
121. Табигый жарыгы жок төмөнкүлөр долбоорлонот: снаряд коюучу, жуунуучу жай; гимнастика залындагы дааратканалар; персоналдын душ бөлмөсү жана дааратканасы; кампалар; радиотүйүндөр; киносүрөтлабораториялар; китеп сактоочу жайлар; бойлердик жайлар; насостук суу түтүктөрү жана канализациялар; аба алмаштыруу камералары; башкаруу түйүндөрү жана имараттардын инженердик жана технологиялык жабдууларын орнотуу жана башкаруу үчүн башка жайлар; дезинфекциялоо каражаттарын сактоо үчүн жайлар.
122. Окуу жайлар сол капталдан табигый жарык тийгидей кылып долбоорлонот. Окуу жайлар 6 метрден көп терең болгондо, оң тараптан жарык берүү түзүлүшүнүн болушу милдеттүү, анын полдон болгон бийиктиги 2,2 метрден кем болбошу керек. Негизги жарыкты окуучунун бет маңдайынан жана артынан берүүгө тыюу салынат.
123. Эмгекке үйрөтүү устаканаларында, акты жана спорттук залдарда эки капталынан табигый жарык тийип турууга болот.
124. Табигый жарыктын коэффициентинин (мындан ары - ЭЖК) мааниси жалпы билим берүү уюмдарынын жайларынын багытына карата ченемделет: