ПостановлениеДействует

Нурманбет айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-августундагы №107 /XXIV -27 «Долбоор аркылуу 2020-жылга коюлган иштерди аткаруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.08.2020
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2020-жылдын 24-августы №107 /XXIV -27

Долбоор аркылуу 2020-жылга коюлган иштерди аткаруу жөнүндө

 

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында 2020-жылдын 1-июлундагы айылдын жалпы жыйынында көтөрүлгөн маселени талкуулап долбоор аркылуу ‘Гүл Балалык” балдар бакчасынын чатырын  жана эскилиги жеткен терезелерин которуу иштерин ишке ашыруу жөнүндө маселени карал айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Долбоорду ишке ашыруу учун 5 адамдан турган курам демилгечи топ болуп бекитилсин.

2.    ‘Гүл Балалык” балдар бакчасынын чатырын жана терезелерин которуу иштерине 2020-жылы терезе которууга каралган 180,0мин сом айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары колдонулсун.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн 

 

Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы:

Ш.Андашов