ПостановлениеДействует

Могол айылдык кеңешинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 4 «Могол айыл аймагындагы №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директорунун Өтүнүч катын кароо жөнүндө.» токтому

Редакцияот 15.07.2021
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III– сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 4

Могол айыл аймагындагы №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директорунун Өтүнүч катын кароо жөнүндө.

Могол айыл аймагындагы №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директору Б.Жусуповдун жана жалпы жамаатынын Өтүнүч катын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы токтом кылат:

1. Могол айыл аймагындагы №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектеби азыркы учурда эскилиги жеткендигине байланыштуу 2021-2022-жаңы окуу жылына карата учурдагы ремонт иштери талапка ылайык жүргүзүлсүн.

2. №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин өтүнүч катынын негизинде тийиштүү жабдыктарды камсыз кылуу айыл өкмөт башчысынан суралсын.

3. Мыйзамга ылайык ремонт иштерин жүргүзүү №41 Жусубалы уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директору Б.Жусуповго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко  жүктөлсүн.

 

Могол айылдык Кенешинин төрагасы

А. Мамарасулов