ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 15 апреля 2022 года № 227 «О Программе Кабинета Министров Кыргызской Республики по борьбе с торговлей людьми в Кыргызской Республике на 2022-2025 годы»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 15-апрели № 227

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө

Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында, "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 7-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жыйынды маалыматты берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-ноябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

 

 

 

 

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 227 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча ПРОГРАММАСЫ

1. Учурдагы кырдаалга жалпы баа берүү

Экономикалык глобалдашуу, эмгек мобилдүүлүгү жана тездик менен өнүгүп жаткан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар азыркы доордун өзгөчөлөнгөн белгилери болуп калды. Мындай шарттарда адамзаттын жетишкендиктери гана эмес, ошондой эле коом кабылган проблемалар да жалпы жыйынтык болуп калды: өзүнө башкалар менен катар, адамдарды сатууну, эксплуатациялоонун жана зомбулуктун жаңы түрлөрүн, кылмыштуу максаттарга санариптик технологияларды колдонууну камтыган глобалдашуунун криминалдык аспектин күчөтүү

Адамдарды сатуу эволюцияланып, адамдарды эксплуатациялоо ыкмаларынын жаңы тенденциялары жана ыкмалары менен толукталып жатат. Проблема кыйла комплекстүү жана чаржайыт миграция процесстери, арзан жумушчу күчкө болгон суроо-талап, эмгекти эксплуатациялоо, формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун өсүшү, COVID-19 пандемиясынын кесепеттери сыяктуу башка чакырыктар менен өз ара байланышта болуп жатат.

Адамдарды сатуу проблемасы бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле Кыргыз Республикасы үчүн да актуалдуу бойдон калууда. Кыргыз Республикасы окуя болгон жана транзит өлкөсү, ал эми азыраак деңгээлде - даректүү өлкө бойдон калууда. Негизги даректүү өлкөлөр болуп Түркия, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары саналат.

Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат 2002-жылдан тартып эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын көмөгү менен мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылып келе жаткан ушул чөйрөдөгү максаттарды, милдеттерди, багыттарды жана чараларды аныктаган программалык документтерге ылайык жүргүзүлөт. Бардык программаларда негизги көңүл эл аралык стандарттарга ылайык улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө, калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, максаттуу топтор үчүн маалыматтык билим берүү иш-чараларын жүргүзүү аркылуу адамдарды сатуунун алдын алууга бурулган.