Методика проведения анализа регулятивного воздействия нормативных правовых актов на деятельность субъектов предпринимательства (Утверждена постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 августа 2022 года № 444)
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтомуна) |
Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №156 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖТТ) тартибин аныктайт.
2. Методика ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда колдонулат.
3. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар ЖТТ жүргүзүүнү талап кылат, алар ишкерлер тарабынан жеке же зайым каражаттарын пайдалануунун учурдагы тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле алардын пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасирин тийгизген шарттарды тигил же бул даражада аныктайт/өзгөртөт.
4. Төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлору каралган учурларда ЖТТ жүргүзүү талап кылынбайт:
1) мындай ченемдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү 6 айдан ашпаган шартта пилоттук (сынамдык, эксперименттик) долбоорлорду өткөрүү жөнүндө;
2) мындай ченемдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү 6 айга чейинки шартта өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн же өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн шашылыш тартипте кабыл алынуучу;
3) концепцияларды, стратегияларды, программаларды, иш-аракеттер пландарын, башка ушул сыяктуу документтерди бекитүү жөнүндө;
4) юридикалык күчүнүн даражасы боюнча жогору турган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерин аткаруу, ошондой эле бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды жок кылуу жөнүндө, мында укуктук мамилелердин ушул чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жоболорун колдонуу сакталат;
5) Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелеринин ченемдерин колдонуу менен байланышкан;
6) эл аралык келишимдерди ратификациялоо, кошуу жана бекитүү жөнүндө, ошондой эле эл аралык келишимдерди аткаруу менен байланышкан;
7) Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык стандарттарга (келишимдерге) ылайык келтирүү жөнүндө;
8) калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздук эрежелерин белгилөөгө багытталган (ишкердик субъекттеринин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган ченемдер болбогон учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №156 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн жетиштүү негиздер аныкталган учурда, ченемдик укуктук актынын долбоору жана ушул Методикада каралган сунушталган жөнгө салуунун негиздемелерин камтыган аналитикалык кат ЖТТ жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп саналат.