Ак-Муз айылдык кеңешинин 2013-жылдын 13-апрелиндеги № 7/4 (Дыйкандардын үлүш жерине корук уюштуруу жөнүндө.) токтому
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2013-жылы 13-апрели № 7/4
Ак-Муз айылдык Кеңешинин депутаттары- 11
Сессияга катышканы- 9
КҮН ТАРТИБИ:
Дыйкандардын үлүш жерине корук уюштуруу жөнүндө.
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дыйкандардын үлүш жерине корукчулукка 2 (эки) адам алынсын;
2.Корукчулардын участкалары төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
Биринчи корукчуга Май-Бука, Чекара, Буудай аңыз, Өмүкө каналына чяйин бекитилип берилсин, Экинчи корукчуга Өмүкө каналынан Малатай, Өзгөрүш жол, Ичке, Булак участкалары бекитилип берилсин;
3.Корукчуларга айыл өкмөтүнүн бюджеттинен 3 (үч) миң сомдон айлык акы чектелип берилип жана камаган малына салынган айып акчанын 80 пайызы корукчуга, 20 пайызы кароолчуга төлөнүп берилсин;
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Чөлбаевке милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Абдырахманов |