РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 августа 2023 года № 472-р (Об утверждении Плана мероприятий по развитию рынка драгоценных металлов в Кыргызской Республике на 2023-2024 годы)

Редакцияот 14.08.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 14-августу № 472-т

Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров