РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 7 октября 2014 года № 448-р (Об одобрениии проектов обменных нот между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Японии и Грантового соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Японским агентством международного сотрудничества (JICA))

Редакцияот 07.10.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 7-октябры № 448-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында, Бишкек шаарында 2004-жылдын 6-октябрында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы №130 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык:

1. "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев