Распоряжение Правительства КР от 7 октября 2014 года № 445-р (О согласии с проектом Меморандума о взаимопонимании между Министерством сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики и мэрией города Ён Чон провинции Кён Сан Бук До Республики Корея)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-октябры № 445-б
Корея Республикасынын Кён Сан Бук До провинциясындагы Ён Чон шаары менен айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда айыл чарба жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Корея Республикасынын Кён Сан Бук До провинциясындагы Ён Чон шаарынын мэриясынын ортосундагы өз ара түшүнүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Бул Меморандумга кол коюуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Момуналиев Нурханбек Сакеновичке ыйгарым укук берилсин.
Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Корея Мамлекетинин Кен Сан Бук До провинциясынын, Ен Чон шаарынын ортосундагы
Өз ара түшүнүү тууралуу Меморандуму
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Корея Мамлекетинин Кен Сан Бук До провинциясынын, Ен Чон шаары, мындан ары Тараптар, айыл чарба жана мал чарбаны өнүктүрүүдө эки тараптуу тыгыз кызматташуу үчүн бул Меморандумду бекитет.
1-берене. Максаты
Ушул Мемарандумдун максаты, Кыргыз Республикасындагы Ысык-Көл облусунда айыл чарба жана мал чарбаны өнүктүрүү боюнча Тараптардын тыгыз кызматташтыгы.
2-берене. Эки тараптуу кызматташтыктын чөйрөсү
Тараптардын кызматташтыгы төмөндөгүдөй багыттарда ишке ашат:
Айыл чарба, мал чарба чөйрөсүнө жаңы технологияларды жана инвестицияларды киргизүү кызматташтыгы.
Иш аракеттери айыл чарбаны өнүктүрүүгө байланыштуу чет мамлекеттик инвесторлорду коргоо жана административдик колдоо көргөзүү.
Айыл чарба чөйрөсүндөгү илимий жана экономикалык жетишүүлөр жөнүндө маалыматтар менен алмашуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ,ушул Меморандумга керектүү кошумча пункттар Тараптардын макулдашуусу боюнча киргизилет.
3-берене.Макулдашуу жана чыгымдар
Ушул Меморандумдун 2-беренесин ишке ашыруунун деталдары тараптардан уюшулган топтор менен иш тартибинде макулдашылат жана талкууланат.
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун негизинде чыгымдарды жүзөгө ашыруудагы жардам Эки тараптын макулдашуусу боюнча көрсөтүлөт.
4-берене. Күчүнө кирүү жана токтотуу.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум белгисиз мөөнөткө бекитилет жана Тараптардын бирөө иш аракетти токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирүүнү алгандан кийин, Меморандум 3 (үч) ай ичинде колдонула берет.
Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу, Тараптар башка чечим кабыл албаса, колдонулуп жаткан жана ишке ашырылган программаларга зыяны тийбейт.
2014-жылдын «___»_________________________________________________ шаарында кыргыз,орус жана корей тилдеринде ар бири эки түп нуска экземплярда кол коюлган. Ушул Меморандумдагы жоболорду чечмелөөдө келишпестиктер пайда болсо, Тараптар орус тилиндеги текстке таянат
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси-Министри ________________________ .
| Корей Республикасы Кен Сан Бук провинциясы Ен Чон шаарынын Мэри ____________________________
|