РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 12 ноября 2014 года № 498-р (О принятии к сведению Плана переселения по проекту Азиатского банка развития «Третий проект «Транспортный коридор-1 ЦАРЭС» дорога Бишкек-Торугарт»)

Редакцияот 12.11.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 12-ноябры № 498-б

2011-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргаз Республикасынын 2012-жылдьн 24-январындагы № 1 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргаз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундага зайым жөнүндө макулдашуунун шарттарын (атайын операцияларын) («ЦАРЭС 1 - транспорттук коридор» Бишкек-Торугарт жолунун үчүнчү долбоорун) аткаруу максатында:

1.Азия өнүктүрүү банкынын «ЦАРЭС 1- транспорттук коридор» Бишкек-Торугарт жолунун» үчүнчү долбоору» боюнча кайра жайгаштыруу планынын расмий тилдеги тиркелген долбоору эске алынсын.

2.Кыргаз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

-тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 531 - км унаа токтотуучу жайды курууга байланыштуу 11 вагонду көчүрүү убаганда менчик ээлерине жана/же ишкерлер субъекттерине акчалай компенсация (алынбай калган пайданьш жана вагондорго мүмкүн болгон зыян келтирүүнүн ордун толтуруу) төлөп берүүнү;

Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 531 - км участогунда жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн унаа токтотуучу жайды курууну;

-Кыргаз Республикасынын Финансы министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн компенсацияны төлөп берүү жөнүндө отчет берсин.

3.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратьгаын региондук өнүктүрүү,  транспорт, курулуш жана коммуникаңияяар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев