Распоряжение Правительства КР от 25 декабря 2014 года № 608-р (Об одобрении проекта Письма-соглашения между Кыргызской Республики и Азиатским банком)
Этот документ есть на русском языкеРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 25-декабры № 608-б
1. 2012-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашуу-каттын долбооруна Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|