РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 3 апреля 2015 года № 83 (О составе организационного комитета по подготовке и проведению Ошского саммита «Женщины и креативные индустрии»)

Редакцияот 03.04.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 3-апрели № 83

2015-жылдын 29-30-апрелинде "Аялдар жана креативдүү индустрия" Ош саммитин өткөрүү максатында:

1. "Аялдар жана креативдүү индустрия" Ош саммитине даярдык көрүу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары -уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети "Аялдар жана креативдүу индустрия" Ош саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Тиркеме

"Аялдар жана креативдүү индустрия" Ош саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы

 

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кадыралиева Ыргал Кармышаковна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин тең төрагасы;

Шаршекеев Марат Дуйшебаевич

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президента, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Максутов Алтынбек Аскарович

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Джакыпов Кылычбек Джумадилович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич

- Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Эргешов Орозбек Сатимбаевич

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президента, түштүк департаментинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Карыбаева Мира Аскеровна

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлумүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Бейшеева Назгуль Дуйшенбековна

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы;

Бараканова Салтанат Нурдиновна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);

Карыпбеков Илим Майрамбекович

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Айтиева Максуда Жаныбековна

- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телеберүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

Чочунбаева Динара

- "CACSARC-kg" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Баймамбетова Гульнара Шаршеновна

- "Кыргызстандын аял-ишкерлерин колдоо ассоциациясы" коомдук бирикменин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Ашимбаева Дильбар

- "Ашимбай" жоопкерчилиги чектелген коомунун креативдүү директору (макулдашуу боюнча);

Ким Эльза Петровна

- Текстильщиктер ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Молдошева Замира Дюшембиевна

- "Мун жана Зам" компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).