РаспоряжениеДействует

Распоряжение Руководителя Аппарата Правительства-министр КР от 10 апреля 2015 года № 54 (Об образовании рабочей группы по проведению служебного расследования в Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики)

Редакцияот 10.04.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР

БУЙРУК

2015-жылдын 10-апрели № 54

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 89 буйругуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддо кызматтык териштирүү жургүзүү боюнча төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

Иманалиев Данияр Шаршенбекович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча сектордун башчысы, жумушчу топтун жетекчиси.

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Есеналиев Максатбек Кульчороевич

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы;

Кутуева Айбермет Бектуровна

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары

Байгазиева Сейсекуль Джумановна

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана өкмөттүн  чечимдерин чыгаруу секторунун башчысы;

Андашева Назира Дилдебековна

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).

 

2. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартуу укугу берилсин.

3. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге сунуштарды киргизсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.

 

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси-министр

 

Н.С. Момуналиев