РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства от 29 апреля 2015 года № 187-р (Об одобрении проекта письма о намерении Правительства Кыргызской Республики присоединиться к Договору о создании Международной организации по праву развития (IDLO)

Редакцияот 29.04.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 29-апрели №187-б

1. Өнүгүүгө укук боюнча эл аралык уюмду (IDLO) түзүү жөнүндө келишимге кошулууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ниеттенүүсү тууралуу каттын тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган катты Өнүгүүгө укук боюнча эл аралык уюмду (IDLO) түзүү жөнүндө Келишимге катышуучу өлкөлөрдүн ассамблеясынын Президентине белгиленген тартипте жиберсин.

 

Премьер-министрдин

милдетин-аткаруучу

 

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын

"29 " апрелиндеги № 187-буйругу менен жактырылган

 

Катышуучу-өлкөлөрдүн ассамблеясынын Президенти Навал АльМахамель мырзага

 

Урматтуу Навал Аль Махамель мырза!

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өнүгүүгө укук боюнча эл аралык уюмду (IDLO) түзүү жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) кошулууну жана ушул Уюмдун катышуучусу болууну каалайт.

Келишимдин XIII беренесинде белгиленген талаптарды көңүлгө алуу менен, ага ылайык Келишимге учурдагы катышуучу өлкөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен Ассамблеянын жактыруусу талап кылынгандыктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган талаптарды сактоодо Сизден көмөк көрсөтүүнү суранат.

 

Премьер-министрдин

милдетин-аткаруучу

 

Дж.К. Оторбаев