РаспоряжениеДействует

Распоряжение Премьер-министра КР от 25 августа 2015 года № 395 (Об образовании межведомственной комиссии)

Редакцияот 25.08.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 25-августу, № 395

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишине байланышкан маселелерди ар тараптуу иликтөө максатында:

1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык комиссия 2015-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишине байланышкан маселелерди чечүү боюнча сунушун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.

4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана

спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Этномаданиятты жана

ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик

ишканасынын финансы-чарбалык ишине байланышкан маселелерди

иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын

курамы

 

 

Муратов Абдиманнап Аттокурович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;

Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Азимов Алмаз Курбаналиевич

-

Кыргыз Республикасынын министринин орун басары;

Керималиев Жаныбек Калканович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Карыбеков Талайбек Аманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын орун басары;

Шамканов Күмүшбек Күрүчбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Джумадилде уулу Мурадил

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;

Жусупов Аширбай Бапович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;

Артыкбаев Расул Саткынович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;

Мотукеев Болот Джакинбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Ирсалиев Медер Эсенгулович

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аппаратынын жетекчиси;

Джаныбеков Акылбек Кадырович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Мукамбаева Салтанат Сатындиевна

-

Ысык-Көл облусунун Ысык- Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын -акиминин орун басары.