Распоряжение Правительства КР от 3 сентября 2015 года № 422-р (О выделении средств)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын-3-сентябры, № 422-б
Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Мойынкум районунда (Алматы - Екатеринбург автотрассасында) 2015-жылдын 7-августунда болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 290000 (эки жүз токсон миң) сом төмөнкү өлчөмдөрдө бөлүнсүн:
- 50 000 (элүү миң) сомдон каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө: Эркабаев Даниярбек Акматжановичтин, Молдалиева Гулимкан Сатыбалдиевнанын, Жаанбаев Исламбек Акжоловичтин. Атамирзаева Гульбайра Бекмирзабаевнанын,
- 30 000 (отуз миң) сомдон жабыр тарткан жарандарга:
Адилбек уулу Канатбекке, Батыркулов Акжолго, Жусуп кызы Гулзинага.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |