Распоряжение Правительства КР от 18 ноября 2015 года № 562-р (О согласии с проектом Протокола о сотрудничестве по проекту «Улучшение информационной инфраструктуры Министерства иностранных дел Кыргызской Республики» между Министерством иностранных дел Кыргызской Республики и Турецким агентством по сотрудничеству и координации при Аппарате Премьер-министра Турецкой Республики)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-ноябры № 562-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык - жана координациялоо боюнча Түрк агенттигинин ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык инфратүзүмүн жакшыртуу" долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев
|
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча Түрк агенттигинин ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык инфратүзүмүн жакшыртуу" долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө протокол
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча Түрк агенттиги (мындан ары - ТИКА):
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштардын, ошондой эле достук мамилелердин алкагында,
эки өлкөнүн ортосунда болгон кызматташтыкты андан ары чыңдоо максатында,
Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин иштери жөнүндө макулдашууну көңүлгө алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Предмети жана максаты
1.1. Ушул Протоколдун предмети - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине зарыл болгон жабдууларды, жабдыктарды жана программалык камсыздоону грант катары берүү долбоорунун алкагында Тараптардын ортосундагы кызматташтык процессинин принциптери менен бирге Тараптардын милдеттенмелерин аныктоо.
1.2. Ушул Протоколдун максаты - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык инфратүзүмүн жакшыртуу жана институттук потенциалын өнүктүрүү ишине салым кошуу.
2-берене. Мөөнөт
Ушул Протоколдун колдонулушу ТИКА тарабынан сатып алынган жабдууларды, жабдыктарды жана программалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү менен аяктайт.
3-берене. Тараптардын милдеттенмелери
3.1. ТИКАнын милдеттенмелери:
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги дайындаган техникалык делегация тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин керектөөлөрүнө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында аныкталган жабдуулар, жабдыктар жана программалык камсыздоо түрк мыйзамдарынын алкагында тендер өткөрүү методу менен сатып алынат жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине грант катары берилет.
3.2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин милдеттенмелери (мындан ары - Министрлик):
3.2.1. Министрлик долбоордун алкагында техникалык маселелер боюнча техникалык топту түзөт жана долбоордун ар бир этабында бул топтун мүчөлөрү менен ТИКА тарабынан дайындалган адистердин жана аткаруучу фирманын кызматкеринин координацияланган ишин камсыз кылат.
3.2.2. Министрлик аткаруучу фирма тарабынан имараттагы система жайына кабель киргизүү, монтаждоо, оңдоо боюнча иштердин үзгүлтүксүз ишке ашырылышы үчүн зарыл болгон чараларды көрөт жана аткаруучу фирманын иштөө мезгилинде жардам көрсөтөт.
3.2.3. Министрлик Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин иштери жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин пунктуна ылайык, гранттык негиздеги долбоордун алкагында ТИКА тарабынан берилүүчү материалдарды жана жабдууларды салыктардан, жыйымдардан жана алымдардан бошотууну камсыз кылат. Эгерде салыктардан, жыйымдардан жана алымдардан мыйзамдуу түрдө бошотуу мүмкүн болбогон учурда, бул чыгымдарды кыргыз Тарап төлөйт.
3.2.4. Министрлик долбоордун алкагында сатып алынуучу ар түрдүү жабдууларды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө бажы жол-жоболорунан тез өтүшүнө зарыл болгон көмөк көрсөтөт.
3.2.5. Министрлик зарыл болгон иштерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштерди жүргүзүү үчүн аткаруучу фирманын тиешелүү адамдарынын өлкөгө кирүүсүнө, иштөөсүнө жана жашоосуна зарыл болгон уруксатты алуу маселелерине көмөк жана жардам көрсөтөт.
3.2.6. Долбоордун алкагында дайындалган жана Кыргызстанга командировкага жиберилген ТИКА тараптан адистердин жана аткаруучу фирманын кызматкерлеринин иштөөлөрүнө ыңгайлуулукту түзүп берүү үчүн Министрлик зарыл болгон учурда бир иш бөлмөсүн бөлүп берет, тийиштүү адамдарга өлкөгө кирүү, иштөө жана жашоо үчүн уруксаттарды алуу, ошондой эле визалык жол-жоболор маселелеринде зарыл болгон көмөктү жана жардамды көрсөтөт.
3.2.7. Министрлик долбоордун алкагында аткаруучу фирма тарабынан ташып келинген жабдууларды, жабдыктарды жана программалык камсыздоону аткаруучу фирмадан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде кабыл алат, ТИКА тарабынан аткарылган иштерди контролдоо жана кабыл алуу жол-жобосу аяктаганга чейин анын Министрликтин имаратында ишенимдүү сакталышын камсыз кылат.
4-берене. Биргелешкен милдеттенмелер
4.1. Тараптар долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан тигил же бул көйгөйлөрдү чечүү маселесинде координациялуу иш алып барышат.
4.2. Тараптар долбоордун ар бир этабы тууралуу бири-бирине маалымат берип турушат жана тийиштүү документтерди берүүнү камсыз кылышат.
5-берене. Жалпы жоболор
5.1. Долбоордун алкагында сатып алынган жабдуулардын, жабдыктардын жана программалык камсыздоонун техникалык тапшырмага шайкештигин контролдоо жана кабыл алуу боюнча жол-жоболор ТИКА тарабынан өзүнүн белгиленген эрежелеринин жана принциптеринин алкагында жүргүзүлөт. Контролдоо жана кабыл алуу боюнча жол-жоболор аяктагандан кийин жабдуулар, жабдыктар жана программалык камсыздоо кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде Министрликке өткөрүп берилет.
5.2. Зарыл болгон учурда, өзгөрүүчү жагдайларга адаптациялоо максатында Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ушул Протоколго өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
5.3. Ушул Протоколдун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө же болбосо аларды чечмелөөдө келип чыгуучу кайчы пикирлер эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
6-берене. Протоколдун колдонулушу
Ушул Протокол кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарында 2015-жылдын 18-ноябрында, эки түп нускада, ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ болгон түрк, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атынан |
| Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча түрк агенттигинин атынан |