РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительство КР от 9 июля 2020 года № 247-р «Об укреплении материально-технической базы Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики»

Редакцияот 09.07.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 9-июлу № 247-б

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин ( JICA) жазуу жүзүндө арызынын негизинде 2013-жылы чыгарылган, кузовунун № JTEB3FJ40K151123, кыймылдаткычынын көлөмү 2694 см, түсү ак-бермет, “Тойота-Лэндкрузер- Прадо” маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлкеттик менчикке кабыл алсын жана аталган автотранспортту Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3.    Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4.    Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратыны экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.  

 

Премьер-министр

К.А. Боронов