РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительство Кыргызской Республики от 19 августа 2020 года № 281-р (О целях обеспечения оздоровления работников организаций здравоохранения и привлекаемых лиц, выполняющих работы, связанные с высоким риском заражения возбудителями инфекционных болезней в очагах эпидемий и на приравненных к ним территориях)

Редакцияот 19.08.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 19-августу № 281-б

Эпидемия очокторунда иштеген, эпидемия очокторунда жана аларга теңдеш аймактарда инфекциялык оору козгогучтарын жугузуунун жогорку тобокелдигине байланышкан иштерди аткарган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлеринии жана ишке тартылган адамдардын ден соолугун чындоого жөнөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргызстан профсоюздар федерациясы (макулдашуу боюнча) Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун каражаттарынан коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүнүн очоктуу аймактарында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринии жана ишке тартылган адамдардын иш жүзүндө жашаган саны тууралуу берилген салыштырма актыларынын жана телее эсептеринин негизинде

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Мулк" мамлекеттик ишканасынын "Пансионат Энесай" филиалынын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которууну камсыз кылсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 

 

Премьер-министр

К.А. Боронов