РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 23 октября 2020 года № 352-р (Об одобрении проекта Финансового соглашения между Кыргызской Республикой и Европейским Союзом по программе "Контракт на реформирование сектора цифровизации)

Редакцияот 23.10.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 23-октябры № 352-б

1. Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы "Санариптештирүү секторун реформа жүргүзүүгө контракт" программасы (АСА/2020/042-335) боюнча финансылык макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Финансылык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Н.Жапаров