РаспоряжениеДействует

Распоряжение Правительства КР от 7 декабря 2020 года № 393-р «О внешней миграции»

Редакцияот 07.12.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 7-декабры № 393-б

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы квартал сайын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө талдоо жүргүзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

А.Э.Новиков

 

 

 

Тиркеме

2021-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык КВОТА

№

Региондун аталышы

Саны (адам)

1

Бишкек шаары

300

2

Ош шаары

18

3

Баткен облусу

8

4

Жалал-Абад облусу

14

5

Ысык-Көл облусу

14

6

Нарын облусу

14

7

Ош облусу

14

8

Талас облусу

8

9

Чүй облусу

110

10

Республика боюнча жалпы:

500