Распоряжение Руководителя Аппарата Правительства министра КР от 1 марта 2021 года № 42-р «О соглашении с проектом Соглашения между Министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики и Министерством культуры и спорта Республики Казахстан о развитии национальных видов спорта и народных игр, с учетом возможных изменений и дополнений непринципиального характера.»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 1-марты № 42-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген добооруна, принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| У.А.Марипов |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүүдө бири-бирин колдоп, дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу ниетин билдирип,
Тараптардын мамлекеттеринин жалпы маданиятын жана тарыхын сактоо үчүн өз ара пайдалуу шарттарда узак мөөнөттүү кызматташтыкты илгерилетүүнү жана тереңдетүүнү каалап,
ушул Макулдашуу алардын эки тараптуу кызыкчылыктарына төп келе тургандыгын тастыктап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерге ылайык, өз ара пайдалуулукка негизделген улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдешет жана өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар эл аралык спорт маселелери боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу максатында Тараптардын делегациялары эки тараптуу консультацияларды өткөрөрүн макулдашышты.
3-берене.
Тараптар улуттук спорттун түрлөрү боюнча эл аралык турнирлерди өткөрүү, ошондой эле Тараптардын улуттук спорттун түрлөрүн эл аралык аренага жайылтууда бири-биринин демилгелерин колдошот.
Тараптар спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялар менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты орнотууга, спорттогу эл аралык федерациялардын жана ассоциациялардын иш-аракеттеринин алкагында алардын өз ара аракеттенишине көмөктөшөт.
4-берене.
Тараптар экинчи тарап өткөргөн көп тараптуу спорттук мелдештерге жана машыгуу курстарына өз спортчуларынын даярдык деңгээлин жана оюнду көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу максатында катышуусу үчүн колдоо көрсөтөт.
5-берене.
Тараптар улуттук спорттун түрлөрүнүн стандарттарын жана эрежелерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдошот.
Тараптар спорттук машыктыруучуларды жана спортчуларды даярдоодо, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук спортунун түрлөрү жана элдик оюндары жаатында адистердин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшөт.
6-берене.
Тараптар мамлекеттердин турмушундагы маанилүү даталарга жана окуяларга арналган спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды кубатташат жана жүргүзүшөт.
7-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашырууда келип чыккан чыгымдарды өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде, эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача жол-жобо макулдашылбаса, өз алдынча көтөрүшөт.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүктөрү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаш-тартыштар жана/же пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар аларды консультация жана сүйлөшүү жолу менен чечишет.
10-берене.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири аны бузуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
2021-жылдын "___" _________ ____________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө түрдүү пикир жаралса, Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги үчүн |
| Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги үчүн |