РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 июля 2021 года № 120-р (Об одобрении проектов Соглашения о финансировании (Дополнительное финансирование для проекта «Комплексное повышение производительности молочного сектора») между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития и Письма-соглашения о внесении изменений в Соглашение о финансировании между Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития (Всемирный банк) Проекта о комплексном повышении производительности молочного сектора, подписанного 10 августа 2017 года в городе Бишкек)

Редакцияот 28.07.2021
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 28-июлу № 120-т

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө ("Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашуунун жана 2017-жылдын 10-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоорлору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбооруна жана Макулдашуу-каттын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Төрага

У.А.Марипов