РАСПОРЯЖЕНИЕ Кабинета Министров КР от 17 августа 2021 года № 147-р (Об проекте протокола меморандума взаимопонимании между Правительством Кыргыской Республики и ЗАО «Кумтор Голд» компании)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 17-августу № 147
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө 2012-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга (мындан ары - Меморандум) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У. А.Марипов |
|
|
Тиркеме
Долбоор
Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө 2012-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилиги (мындан ары - Кумтөр) төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кумтөрдүн ортосунда 2012-жылдын 23-апрелинде түзүлгөн Демөөрчүлүк жардамды элдин иш менен камсыздалышына көмөктөшүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 13-1-пунктундагы “жана Кумтөр” деген сөз алып салынсын жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Айыл Банк”ААКы акыркы алуучу үчүн кредитти күрөөлүк камсыздоо боюнча максималдуу өлчөмүн, мөөнөтүн жана талаптарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча өзгөртүүгө укуктуу.”.
2) 13-пунктунун “б” жана “в” пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) чакан кредитти берүү мөөнөтү - 36 айга чейин;
в) кредиттин өлчөмү - бир карыз алуучуга 250,000,0 (эки жүз элүү миң) сомго чейин.”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
__________________________________________
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому үчүн
__________________________________________
“Айыл Банк” ачык акционердик коому үчүн
__________________________________________