Распоряжение Кабинета Министров от 16 августа 2021 года № 141-р «проект Соглашения о предоставлении гранта (проект»Управление рисками оползней в Кыргызской Республике«) между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития;»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 16-августу № 141-т
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын (расмий эмес котормо):
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашуунун ("Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу" долбоору) долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашуунун ("Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу" долбоору) долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине бул тескеменин 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Төрага | У.А. Марипов |