РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 1 сентября 2021 года № 160-р (Об одобрении прилагаемого проекта Протокола о временном применении Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан об оказании безвозмездной военно-технической помощи от 2 марта 2021 года)

Редакцияот 01.09.2021
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын ТЕСКЕМЕСИ

 

2021-жылдын 1-сентябры № 160-т

1. 2021-жылдын 2-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну убактылуу колдонуу тууралуу протоколдун долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын коргоо министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Төрага

У.А.Марипов

 

2021-жылдын 2-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну убактылуу колдонуу тууралуу протоколу

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,

2021-жылдын 2-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну убактылуу колдонууну камсыз кылуу максатында,

Борбордук Азия регионунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн,

1969-жылдын 23-майындагы Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 25-беренесинин 1-пунктунун b) пунктчасын жетекчиликке алуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишти:

 

Бул Протоколго кол коюлган күндөн тартып Тараптар 2021-жылдын 2-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ал күчүнө киргенге чейин убактылуу колдонушат.

 

2021-жылдын " "-         Hyp-Султан шаарында ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде эки нускада кол коюлду.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинети үчүн

Казакстан Республикасынын

Өкмөтү үчүн