Распоряжение Кабинета Министров КР от 2 ноября 2021 года № 270-р (О согласии с проектом Меморандума о взаимопонимании между Государственной таможенной службой при Министерстве финансов Кыргызской Республики и Всемирной таможенной организацией о создании Регионального учебного кинологического центра Всемирной таможенной организации в Кыргызской Республике)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 2-ноябры № 270-т
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Дүйнөлүк бажы уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк бажы уюмунун Региондук окуу кинологиялык борборун түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Дүйнөлүк бажы уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк бажы уюмунун Региондук кинологиялык окуу борборун түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - МБК) жана Дүйнөлүк бажы уюму(1) (мындан ары - ДБажУ), мындан ары Тараптар деп аталуучу:
товар жүгүртүү жогорулаган, сооданын глобалдашуусу жана региондук интеграциялоо шарттарында бажы кызматтары чечүүчү татаал милдеттердин болушун таанып;
сооданын өзгөрүп жаткан түзүмү, соода жол-жоболорун андан ары жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгы жана чектелген ресурстар менен көбүрөөк өндүрүү талаптары бажы кызматтары менен ДБажУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн зарылдыгын милдеттендирип жаткандыгын таанып;
маалымат алмашуу, окутуу жана техникалык көмөк көрсөтүү бажы иши жаатындагы негизги эл аралык конвенцияларды, сунуштамаларды жана башка стандарттарды бирдей колдонуу үчүн зарыл экенин түшүнүп;
ДБажУнун ДБажУга катышуучу өлкөлөргө тийиштүү жана олуттуу тренингдик жана техникалык көмөк көрсөтүп жаткандыгын түшүнүп;
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
МБК жана ДБажУ Кыргыз Республикасында Окуу-адистештирилген бажыда (мындан ары - Окуу борбору) ДБажУнун Региондук кинологиялык окуу борборун түзүшөт.
Кызматтык иттерди багуу жана баңги каражаттарын, психотроптук, күчтүү таасир этүүчү, жардыргыч заттарды, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, банкнотторду жана өзгөчө жытка ээ башка материалдарды табуу үчүн иттер боюнча адистерди региондук окутууну жүргүзүү максатында ДБажУ иштеп жаткан Окуу борборунун мүмкүндүктөрүн колдонот.
2-берене.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул меморандумдун 1-беренесинде баяндалган максаттарга жетүү үчүн, МБК ДБажУга Окуу борборунун иштеп жаткан окуу жана кинологиялык базасын берет.
3-берене.
МБК Окуу борборунун окуу жана кинологиялык базасына ээлик кылууну жана жетекчилик кылууну, улуттук жана эл аралык программалардын алкагында анын мүмкүндүктөрүн колдонууну улантат.
4-берене.
1. ДБажУнун Региондук кинологиялык окуу борборун пайдалануу зарылдыгын аныктоо максатында Тараптар бири-бирине өздөрүнүн окуу пландары жөнүндө кабарлап турушат.
2. ДБажУ пландалган иш-чарага чейин эки (2) айдан кечиктирбестен МБКга аны өткөрүүнү ырастоо боюнча зарыл маалымат менен катар алдын ала кабарлоо жөнөтөт.
3. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумга кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде Тараптар бул Меморандумду ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан маселелерди координациялоо үчүн өз ара аракеттенүү боюнча байланышуучу адамдарды дайындашат.
5-берене. ДБажУнун Региондук кинологиялык окуу борборун пайдалануунун техникалык шарттары
МБК ДБажУ пайдалануу үчүн окуу полигондорун, окуу куралдары менен бирге окуу класстарын, жыйындар залдарын, окуучулар үчүн турак жайларды, иттер үчүн вольерлерди, атайын транспорт каражаттарын жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон Окуу борборунун башка тейлөөчү объекттерин берет.
6-берене.
1. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө бул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө бул Меморандумдун колдонулушу Тараптын кимисинин болбосун жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча токтотулат. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө бул Меморандум экинчи Тарап мындай билдирүүнү алгандан кийин колдонулушун дароо токтотот.
3. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө бул Меморандум Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
20__-жылдын "___" ____________ шаарында, эки нускада, англис жана орус тилдеринде кол коюлду, эки текст тең аутенттүү. Документти чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
(1) Бажылык кызматташуу кеңеши катары 1952-жылы түзүлгөн; Рю дю Марш, 30, В-1210, Брюссель ш., Бельгия.
___________________________________ |
| __________________________________ |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Дүйнөлүк бажы уюму үчүн |