Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 24 ноября 2021 года № 620 (Об образовании рабочей группы по подготовке предложений по реализации проекта государственно-частного партнерства «Строительство многофункциональной больницы» в Кыргызской Республике)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 24-ноябры № 620
Кыргыз Республикасында «Көп функционалдуу оорукананы куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 16, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында «Көп функционалдуу оорукананы куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары - долбоор) ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
- көп функционалдуу оорукананы куруу үчүн жер участогун аныктоо боюнча иштерди эки жумалык мөөнөттө жүргүзсүн жана тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги долбоор боюнча мамлекеттик өнөктөш катары чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте саламаттык сактоо уюмдарын каржылоону оптималдаштыруу мүмкүндүгүн изилдесин жана долбоорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик кошо каржылоонун көлөмү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Жумушчу топко мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын жетекчилерин жана адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
6. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Кыргыз Peспyбликасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу этабында ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтсүн.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме
Kыргыз Республикасында «Көп функционалдуу оорукананы
куруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу
боюнча сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топтун курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы.