Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 декабря 2021 года № 348-р (О внесении в распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 17 декабря 2021 года № 328-р изменения)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 28-декабры № 348-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик финансыны башкаруу системасын өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттерди түзүүнү жана аткарууну автоматташтыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 328-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1 -пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы "Жергиликтүү бюджетти түзүү жана отчеттуулукту аткаруу" системасын жана Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин маалымат базасын автоматташтыруу жана ишке киргизүү боюнча 12 078 000 (он эки миллион жетимиш сегиз миң) сом суммасына кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү деп аныкталсын.".
Төрага | А.У. Жапаров |