Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 31 декабря 2021 года № 713 «Состав оперативного штаба по внедрению контрольно-кассовых машин в сфере предпринимательства»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 31-декабры № 713
Ишкердик субъекттердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусун камсыз кылуу жолу менен салыктык башкаруу боюнча ишти координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ишкердик чөйрөсүндө контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча оперативдүү штаб (мындан ары - Оперативдүү штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Оперативдүү штабдын катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Оперативдүү штаб:
- контролдук-кассалык машиналарды колдонуу маселелери боюнча ишкердик субъекттердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү планын иштеп чыксын;
- Оперативдүү штабдын катчылыгына күн сайын иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
4. Оперативдүү штабдын жыйналышына материалдарды, Оперативдүү штабдын жыйналыштарынын протоколдорун даярдоо, Оперативдүү штабдын чечимдеринин аткарылышын контролдоо Оперативдүү штабдын катчылыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
|
Ишкердик чөйрөсүндө контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча оперативдүү штабдын КУРАМЫ
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, оперативдүү штабдын жетекчиси; |
Амангельдиев Д.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары; |
Бакетаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары; |
Кожоналиев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги, оперативдүү штабдын жетекчисинин орун басары. |
Оперативдүү штабдын мүчөлөрү: | ||
Бийбосунов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Абдувапов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Джумабеков С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын начальниги; |
Алимбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Ашимбаев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жамалдинов З.И. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кожоев М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Нарбеков Б.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сыргабаев А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Тентишев Э.С. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джунушалиев А.Дж. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов А.И. | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Орозбаев Б. | - | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар бирлигинин директору (макулдашуу боюнча). |