Распоряжение Кабинета Министров КР от 24 декабря 2021 года № 341-р (Об утверждении Плана мероприятий по реализации Концепции развития гражданской идентичности Кыргыз жараны на период 2021-2026 годы)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 24-декабры № 341-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын аткаруучулар болуп саналган министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - мамлекеттик органдар жана уюмдар):
1) Иш-чаралар планын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын каражаттарынын чегинде ишке ашырсын;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана уюмдардын ишин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
5. Комиссия Иш-чаралар планын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кызыкдар мамлекеттик органдарды жана уюмдарды координациялоону жана өз ара тыгыз аракеттенүүсүн камсыз кылсын.
6. Комиссия зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди, консультанттарды ишке тартууга, техникалык колдоо көрсөтүү үчүн донордук уюмдарга кайрылууга укуктуу деп белгиленсин.
7. Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери белгиленген тартипте Комиссияга көмөк көрсөтсүн, ошондой эле Комиссиянын төрагасынын талабы боюнча зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берсин.
8. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Жооптуу аткаруучулар | Өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа |
1 | 1-багыт. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу | |||||
1.1 | Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусунун түшүнүгүн жана анын калыптанышын камсыз кылуу | 1.1.1. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануу тууралуу калктын максаттуу топторун (муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер, аскер кызматкерлери, этностук, диний коомчулук, жаштар жана балдар ж.б.) маалымдоо боюнча ведомстволор аралык коммуникациялык стратегияны жана медиа-планды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ММСЖСМ, республикалык бюджеттен каржылануучу ЖМК (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Коммуникациялык стратегия жана медиа-план иштелип чыкты, калктын максаттуу топтору Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусу тууралуу маалымат менен камсыздалды |
1.1.2. Мамлекеттик, расмий жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган этностук коомчулуктардын тилдеринде иштелип чыккан коммуникациялык стратегияларга жана медиа-планга ылайык маалыматтык продукттарды түзүү (роликтер, телеберүүлөр, ток-шоу ж.б.) | ММСЖСМ, республикалык бюджеттен каржылануучу ЖМК (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2026-жылдар | Максаттуу топтордун муктаждыктарына карата маалыматтык продукттардын саны | ||
1.1.3. Учурдагы кырдаалды баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү: этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү жарандык өзүн таанууну, сезимталдыкты жана ченемдик укуктук колдоого муктаждыкты түшүнүү (базалык иликтөө) | УИА, СИУИ, ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Концепциянын базалык индикаторлору, аналитикалык отчет жана сунуштар | ||
1.1.4. Аспиранттардын, докторанттардын жана изденүүчүлөрдүн изилдөө иштеринин темаларын бекитүүдө артыкчылык катары жарандык өзүн таанууга байланышкан темаларды сунуштоо | БИМ, УИА, КРПМБА |
| 2022-2023-жылдар | Бакалаврдык, магистрдик жана докторлук илимий иштердин саны | ||
1.1.5. Жооптуу аткаруучулардын тизмесин түзүү жана алардын Кыргыз жараны идеяларын илгерилетүү боюнча окууга муктаждыктарын аныктоо | ММСЖСМ, КР Президенти тарабынан аныкталган окуу жайларынын бири | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-жыл | Тизмелер жана муктаждыктар, отчет | ||
1.1.6. Көп түрдүүлүктү башкаруу жана чыр-чатактардын алдын алуу, жарандык өзүн таануу боюнча окуу курсун иштеп чыгуу жана аны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуунун мамлекеттик заказ системасына киргизүү | КР Президенти тарабынан аныкталган окуу жайларынын бири | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-жылы иштеп чыгып, дайыма жүргүзүп туруу | Окуудан өткөн мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин саны | ||
1.1.7. Эл аралык практиканы эске алуу менен ИИМдан, УКМКнын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды башкаруу көндүмдөрү боюнча окутуу курсунун мазмунун жаңылоо | ИИМ, УКМК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-жылы жаңылап, дайыма жүргүзүп туруу | Окуудан өткөн ИИМдин, УКМКнын кызматкерлеринин саны | ||
1.1.8. Көп этностуу чек арадагы жергиликтүү жамааттарда чыр-чатактарды башкаруу жана ал жерде иштөө көндүмдөрүнө УКМК ЧК кызматкерлерин окутуу программасына окуу курсун иштеп чыгуу жана киргизүү | УКМК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдары иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, дайыма жүргүзүп туруу | Окуудан өткөн УКМКЧК кызматкерлеринин саны | ||
1.1.9. Концепция тууралуу калктын маалымдуулугу боюнча райондордун жана ЖӨБОнун деңгээлинде мониторинг жүргүзүү | ММСЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ЖМК, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жарым жылда бир жолу | Отчеттор, (индикаторлор, күтүлүүчү жыйынтыктар) | ||
1.1.10. Жамааттардын (моноэтностуу, көп этностуу, диний, жаштар жана башка жамааттар) кызыкчылыктарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Концепцияны илгерилетүү боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ЖӨБОнун кызматкерлери үчүн окуу модулдарын жана усулдук сунуштарды иштеп чыгуу жана калкты маалымдоо үчүн ЖӨБОну керектүү материалдар менен камсыздоо | ММСЖСМ, МКЖӨБМА, ДИМК, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ЖӨБ союзу, КМДБ, ӨЭУ | 2022-2023-жылдар | Методикалык сунуштамалар. Материалдар менен 100 пайыз камсыздалышы. Маалымдалган жарандардын саны | ||
1.2 | Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун жана жарандык аң-сезимди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду (иш-чараларды) ишке киргизүү | 1.2.1. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун илгерилетүү боюнча калктын жана уюмдардын жарандык демилгелерин колдоого багытталган 2022-2026-жылдарга долбоорлордун негизги багыттарын жана тематикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | ММСЖСМ, МКЖӨБМА | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, ККА, бизнес-коомчулук, ЖМК | Жыл сайын | 2022-2026-жылдарга долбоорлордун бекитилген тематикасы |
1.2.2. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун илгерилетүүгө багытталган долбоорлор боюнча жүзөгө ашырылышына жана отчеттуулугуна, долбоордук табыштамаларына коюлган талаптар жөнүндө жобону иштеп чыгуу | ММСЖСМ, МКЖӨБМА | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-жыл | Долбоорлорду тандоо тууралуу жобо | ||
1.2.3. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандырууга багытталган жарандык коомдук уюмдардын арасында конкурстук долбоорлорду өткөрүүнү ишке киргизүү | ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, ККА, бизнес-коомчулук, ЖМК | Жыл сайын | Ишке ашырылган долбоорлордун тизмеси | ||
1.2.4. Ишке ашырылган долбоорлор жана алардын таасиринин жыйынтыктары жөнүндө айкындуулукту жана калктын маалымдуулугун камсыз кылуу | ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ЖМК | Туруктуу негизде | Коомчулук ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалымдалды. Таасирин баалоо жүргүзүлдү. Бардык маалыматтардын айкындуулугу камсыздалды | ||
1.3 | Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануу түшүнүгүн билим берүү, балдарды жана жаштарды тарбиялоо системасына киргизүү | 1.3.1. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын калыптандыруу маселелерин мамлекеттик жана предметтик стандарттарга, окуу программаларына жана класстан тышкары иштердин программаларына талдоо жүргүзүү жана аларды ишке киргизүү | БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Стандарттар, окуу программалары жана методикалык материалдар жаңыланды |
1.3.2. Квалификацияны жогорулатуу курсун иштеп чыгуу жана аны Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоо милдеттерин эске алган квалификациялык талаптарды мугалимдердин аттестациялоо системасына киргизүү | БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдары иштеп чытуу жана ишке киргизүү, дайыма жүргүзүп туруу | Квалификацияны жогорулатуу модулу. Аттестациялоо системасындагы баалоонун критерийлери. Бул курстан өткөн мугалимдердин саны | ||
1.3.3.Концепцияны ишке ашыруунун алкагында жаштар менен иштөөнү уюштуруу боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу менен Кыргыз билим берүү академиясынын расмий сайтына жайгаштыруу жана жооптуу адамдарды окутууну уюштуруу | БИМ, ММСЖСМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ | 2022-2023-жылдары иштеп чыгуу, дайыма окутуп туруу | Колдонмо/методикалык колдонмолор жана окутулгандардын саны | ||
1.3.4. "Окуучулардын арасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу боюнча мектептер үчүн класстан тышкары иштердин типтүү планын" иштеп чыгуу жана анын ишке киргизилишин камсыз кылуу | БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ | 2022-2023-жылдары иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Дайыма жүргүзүп туруу | Бул пландарды ишке ашырган мугалимдердин пайызы, класстан тышкары иштер менен камтылган балдардын пайызы | ||
1.3.5. Жаштар арасында жана мектептердин, диний окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин, атайын орто окуу жайларынын, ЖОЖдун окуучуларынын арасында класстан тышкары жана тарбиялык иштер аркылуу жарандык компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди/долбоорлорду демилгелөө жана ишке киргизүү | БИМ, ММСЖСМ, ДИМК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, ККА, бизнес-коомчулук, ЖМК | 2022-2026-жылдар | Ишке ашырылган демилгелердин/долбоорлордун жана тартылган мекемелердин, адамдардын саны | ||
2 | 2-багыт: Элдин биримдигин бекемдөө/толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүктү сактоо | |||||
2.1 | Көп түрдүүлүктү сактоо, толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана жарандык биримдикти күчөтүү менен Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануу концептин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү жана стимулдарды камсыз кылуу | 2.1.1. Этностук, диний, социалдык, региондук жана башка айырмачылыктарга жек көрүүчүлүктү жана чыдамсыздыкты туудурган ЖМК/интернет-ресурстарына биргелешкен мониторинг жүргүзүү | ММСЖСМ, УКМК, ИИМ, ДИМК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, медиа-ӨЭУ, ЖМК, ККА | Жыл сайын | Жыл сайын сереп кылуу, иштердин жыйынтыктары |
2.1.2. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануу маселелерин чагылдыруу боюнча, "касташуу тили" боюнча журналисттер үчүн бир катар окуу семинарларын өткөрүү жана материалдарды иштеп чыгуу | ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, медиа-ӨЭУ, ЖМК | Жыл сайын | Өткөрүлгөн семинарлардын, окуудан өткөн журналисттердин саны | ||
2.1.3. Элдин биримдигин чыңдоо жана Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү үчүн өлкөнүн коомчулуктарында калк менен алдын алуу чараларын жана түшүндүрүүчү жолугушууларды ишке киргизүү жана планын иштеп чыгуу | ММСЖСМ, УКМК, ИИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, медиа-ӨЭУ, | 2022-2023-жылдары иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, дайыма жүргүзүп туруу | Жыл сайын өткөрүлүүчү алдын алуу иш-чараларынын жана түшүндүрүүчү жолугушуулардын саны | ||
2.1.4. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануу маселелерин мыкты чагылдыруу үчүн журналисттер арасында сынак өткөрүү | ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Журналисттердин эмгектеринин саны | ||
2.1.5. "Мен Кыргыз жараны" маалыматтык продукттарды иштеп чыгуу жана медиа мейкиндигине мамлекеттик, расмий жана этностук коомчулуктардын өкүлдөрүнүн эне тилдеринде жайылтуу | ММСЖСМ | ККА, ЖМК | Дайыма | Маалыматтык продукттардын жана барактарды ачып окугандардын саны | ||
2.1.6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында элдин биримдигин ЧЫВДОО, толеранттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана көп түрдүүлүк боюнча мамлекеттик жана расмий тилдердеги китепчени иштеп чыгуу жана таркатуу | ММСЖСМ, УИА, МКЖӨБМА, КРПМБА, ДИМК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Материалдардын саны | ||
2.1.7. "Кыргыз Республикасында жасалган" ж.б. улуттук бренд алдында чыгарылган ата мекендик продукттарды илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияны жана иш-чаралар планын иштеп чыгуу | ММСЖСМ, ЭКМ, АЧМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чакан жана орто бизнес, бизнес-ассоциациялар, ККА,ЖМК | 2022-2023-жылдар | Иш-чаралар планын жана маалыматтык компанияны аткаруу | ||
2.1.8. Балдар, жаштар үчүн мамлекеттик атрибутиканын жана КР Конституциясынын ролу жана мааниси тууралуу заманбап мультимедиялык технологияларды колдонуу менен алардын муктаждыктарын эске алып, маалыматтык продукттарды иштеп чыгуу | ММСЖСМ, БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, КМА, ЖМК, КМДБ | 2022-2026-жылдар | Маалыматтык продукттардын саны | ||
2.1.9. Коомдук уюмдарда (музейлерде, китепканаларда, театрларда ж.б.) жайгаштыруу үчүн Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандырууга көмөктөшүүчү "Эл биримдиги көп түрдүүлүктө" экспозициясынын концептин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ММСЖСМ, УИА, БИМ, ДИМК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, музейлер | 2022-2023-жылдары иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, дайыма жаңылап туруу | Экспозицияларды жайгаштырган уюмдардын концепти жана саны | ||
2.2 | Көп маданияттуу билим берүүнү өнүктүрүүгө шарт түзүү | 2.2.1. Программанын предметтик стандартына жана окуу материалдарына Кыргызстандын тарыхы жана Кыргыз Республикасында жашаган этностордун тарыхы, маданияты боюнча маалыматтарды киргизүү | БИМ, УИА | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ККА | 2022-2024-жылдар | Программанын жаңыланган мамлекеттик жана предметтик стандарты жана мектептер менен ЖОЖдор үчүн окуу материалдары |
2.2.2. УИАда Кыргызстан элинин тарыхы жана маданияты бөлүмүн түзүү | УИА | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ККА | 2022-жыл | УИАда Кыргызстан элинин тарыхын жана маданиятын изилдөө боюнча бөлүм түзүлдү | ||
2.2.3. 2021-2030-жылдарга Көп маданияттуу билим берүү концепциясын жаңылоо | БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Концепция жаңыланды | ||
2.2.4. Көп түрдүүлүктүн баалуулуктары маселелери боюнча билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба менен алмашуу | БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ | 2022-2023-жылдар | Катышуучулардын жана даярдалган окутуучу тренерлердин саны | ||
2.2.5. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарынын маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу үчүн программалардын жана материалдардын ачык-айкын электрондук базасын түзүү(1) | БИМ, ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ | 2022-2023-жылдар | Программалардын жана материалдардын электрондук базасы түзүлдү | ||
2.2.6. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануу боюнча этностук топтордун эне тилиндеги басылмаларды иштеп чыгуу жана чыгаруу | ММСЖСМ, ККА (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ККА | Дайыма | Эне тилдерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдардын саны | ||
2.3 | Биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу ар кандай региондук, диний, этностук жана башка таандыктагы топтордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу | 2.3.1. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандырууга көмөктөшүүчү КР жарандарынын баалуулуктары жөнүндө конференцияларды, тегерек столдорду жана форумдарды өткөрүү | ММСЖСМ, УИА, СИУИ, КРПМБА | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2026-жылдар | Иш-чаралардын жана катышуучулардын саны |
2.3.2. КР өнүгүшүнө салым кошкон жана кошуп жаткан инсандар жөнүндө "Адамдардын тарыхы - өлкөнүн тарыхы" медиа долбоорун ишке киргизүү | ММСЖСМ, БИМ, УИА, республикалык бюджеттен каржылануучу ЖМК (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | "Адамдардын тарыхы - өлкөнүн тарыхы" медиа долбоору | ||
2.3.3. Концепцияны илгерилетүү үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүү (турнирлерди, фестивалдарды, курултайларды ж.б.) | ММСЖСМ, БИМ, ДИМК, СИУИ, КРПМБА, КРП облустардагы ЫУӨ, МКЖӨБМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, ККА, бизнес-коомчулук, ЖМК | 2022-2026-жылдар | Иш-чаралардын саны | ||
2.3.4. "Эң ынтымактуу ЖӨБ", "Эң ынтымактуу район" жана "Эң ынтымактуу шаар" сынактарын өткөрүү | ММСЖСМ, МКЖӨБМА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Сынактардын саны жана таасиринин жыйынтыктары | ||
2.3.5. Чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары менен биргеликте мекендештердин арасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу боюнча планды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ТИМ, ММСЖСМ | Чет элдик диаспоралар, ККА | Туруктуу негизде | Мекендештер тарабынан Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануу аң-сезими жогорулады | ||
3 | 3-багыт: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү | |||||
3.1 | Мамлекеттик тилди өздөштүрүүсүнө жарандарды мотивациялоого жана дем берүүгө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, мамлекеттик тилди окутуунун методикасын өнүктүрүү жана сапатын жогорулатуу | 3.1.1. Мамлекеттик тилди мамлекеттик жана расмий тилдерде даңазалоого багытталган берүүлөрдү/роликтерди чыгарууга мамлекеттик заказды түзүү | ММСЖСМ, БИМ, Тил комиссиясы |
| 2022-2026-жылдар | Берүүлөрдүн, роликтердин саны |
3.1.2. Дубляж үчүң көркөм, даректүү, балдар, окуу-методикалык фильмдердин тизмесин аныктоо жана кыргыз тилине которуу | ММСЖСМ, БИМ, Тил комиссиясы, республикалык бюджеттен каржылануучу ЖМК (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ЖМК | 2022-2026-жылдар | Дубляждалган фильмдердин саны | ||
3.1.3. Мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн дем берүүгө багытталган IТ-продукттарды иштеп чыгуу боюнча IT-форумун өткөрүү | СӨМ, Тил комиссиясы | Эксперттер | Жыл сайын | IT-продукттар | ||
3.1.4. Балдар жана жаштар үчүн "Кыргыз тилинин мыкты мугалими" жана "Мыкты көп тилдүү мугалим" ачык сабактарды, мастер-класстарды жана сынактарды өткөрүү | БИМ, Тил комиссиясы |
| Жыл сайын | Кыргыз тилчи мугалимдердин статусу жогорулады. Кыргыз тилчи мугалимдердин маалыматтар базасы түзүлдү | ||
3.1.5. Мамлекеттик маалыматтык ресурстардын, маалыматтык системалардын жана маалыматтар базаларынын, ошондой эле ведомстволук расмий веб-сайттардын интерфейсин мамлекеттик тилде толук локалдаштыруу | Тил комиссиясы, министрликтер жана ведомстволор |
| 2022-2023-жылдар | Бардык мамлекеттик маалыматтык ресурстар, ошондой эле Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы мамлекеттик тилде локалдаштырылды | ||
3.2 | Расмий, эне жана чет тилдерди билүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү | 3.2.1. ЖОЖдорду тартуу менен көп тилдүү коомчулуктун эне тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүнө изилдөө жүргүзүү | БИМ, ММСЖСМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ККА | Жыл сайын | Эне тилди үйрөнүүгө шарттар түзүлдү |
3.2.2. Чет тилди кыргыз тили аркылуу үйрөнүү үчүн мультимедиялык продукцияны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ММСЖСМ, СӨМ, БИМ, Тил комиссиясы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, ККА, бизнес-коомчулук, ЖМК | 2022-2024-жылдар | Окутулгандардын саны | ||
3.2.3. Зарылдыкка жараша жергиликтүү бюджеттердин жана бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жамааттарда мамлекеттик, расмий жана башка тилдердин борборлорун/курстарын ачуу үчүн шарттарды түзүү | Тил комиссиясы, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, ККА, бизнес-коомчулук, ЖМК | 2022-2024-жылдар | Курстарга келген адамдардын саны | ||
3.2.4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана мектептерде көп тилдүү мамиленин негизинде иштөө үчүн педагогдорду даярдоо боюнча негизги кесиптик билим берүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү | БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Өзгөртүлгөн программа | ||
3.2.5. Көп тилдүү мамилеге негизделген мектепке чейинки, мектептеги жана кесиптик билим берүүнүн мугалимдерин даярдоо программаларын ишке киргизүү | БИМ, Тил комиссиясы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2024-жылдар | Ишке киргизилген программалардын саны | ||
4 | 4-багыт: Башкарууга жана чечим кабыл алуу процесстерине жетүүдө бирдей шарттарды түзүү | |||||
4.1 | Жарандардын этностук, диний, социалдык жана региондук таандыгына карабастан чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун камсыздоо жана ресурстарга, башкарууга бирдей жетүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн улуттук мыйзамдарды өнүктүрүү | 4.1.1. КР жарандарынын жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процесстерине жетүүсүнө мониторинг жүргүзүү | СИУИ, ММСЖСМ, УСК, МКЖӨБМА | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Мониторингдин жыйынтыктары жана мамлекеттик органдарга берилген сунуштамалар |
4.1.2. Ресурстарга жана башкарууга жетүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кыла турган улуттук механизмдердин/ инструменттердин натыйжалуулугуна, ошондой эле калктын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн санатына канааттануусунун даражасына талдоо жүргүзүү | ММСЖСМ, СИУИ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-жыл | Сунуштамалар менен отчет | ||
4.2 | Мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, сот жана укук коргоо органдарында этностук жамааттардын өкүлчүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу | 4.2.1. Этностук жамааттардын мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, сот жана укук коргоо органдарындагы өкүлчүлүгүнө талдоо жүргүзүү | ММСЖСМ, МКЖӨБМА, УСК, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ӨЭУ, ККА, бизнес-коомчулук, ЖМК | Эки жылда бир жолу | Мониторингдин жана сунуштамалардын жыйынтыктары |
4.2.2. КР мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат ордуларына сынактан өтүү жол-жоболорун түшүндүрүү боюнча маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу | МКЖӨБМА, ММСЖСМ, КРПМБА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
| 2022-2023-жылдар | Маалыматтык материалдардын пакети | ||
4.2.3. Калк менен мамлекеттик, сот, укук коргоо органдарынын жана ЖӨБО өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди окуудан өткөрүү | МКЖӨБМА, ММСЖСМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Калк менен мамлекеттик, сот, укук коргоо органдары жана ЖӨБО өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жогорулады | ||
4.2.4. ЖӨБОнун маалыматтарынын негизинде калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мониторинг жүргүзүү жана сапатты жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | ЭКМ, СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Отчет, чаралардын планы | ||
4.3 | Чечимдерди кабыл алуу процесстерине ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүн тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана стимулдарды түзүү | 4.3.1. Калктын жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусуна мониторинг жүргүзүү | МКЖӨБМА, УСК, ММСЖСМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ККА, ӨЭУ | Жыл сайын | Отчеттор, кабыл алынган чаралардын саны |
4.3.2. Жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процесстерине калктын ийгиликтүү катышуу практикасын жайылтуу жана жалпылоо | ММСЖСМ, МКЖӨБМА, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Ийгиликтүү практикалар, тажрыйба алмашуу боюнча өткөрүлгөн тегерек столдордун саны | ||
5 | 5-багыт: Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимдин деңгээлин жогорулатуу | |||||
5.1 | Бардык жарандар үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана сот адилеттигине бирдей жетүү үчүн шарттарды түзүү | 5.1.1. Сот адилеттиги чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына калктын канааттануусу боюнча изилдөө жүргүзүү жана чаралардын пакетин иштеп чыгуу | Акыйкатчы (макулдашуу боюнча), СИУИ, УИА | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Сунуштамалар менен талдоо |
5.2 | Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруунун Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү боюнча башкаруучулук потенциалын жогорулатуу | 5.2.1. Концепциянын ишке ашуусуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү, Иш-чаралар планың ишке ашыруу жөнүндө отчетторду даярдоо үчүн ММСЖСМ жана ЖМА кызматкерлерин окуудан өткөрүү | ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Кызматкерлердин потенциалы жогорулады (саны) |
5.2.2. Мамлекеттик заказ аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуунун алкагында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу боюнча окуу программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | КР Президенти тарабынан аныкталган окуу жайларынын бири | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-жыл | Окуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны | ||
5.2.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу (онлайн жана оффлайн) системасына жарандын өзүн таануусун калыптандыруу предметин киргизүү | КР Президенти тарабынан аныкталган окуу жайларынын бири | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-2023-жылдар | Окуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны | ||
5.2.4. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу боюнча колдонмону иштеп чыгуу жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди даярдоочу окуу жайларга таратуу | КРПМБА, БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | 2022-жыл | Окуу куралы | ||
5.3 | Жарандык коомчулукту тартуу менен Концепцияны ишке ашыруунун мониторингин жана отчеттуулук системасын ишке киргизүү | 5.3.1. Концепцияны ишке ашыруунун мониторингин жана баалоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, кызыкдар тараптарды тартуу менен чыр-чатактардын алдын алуу | ММСЖСМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү, үч жылда бир жолу баалоо | Мониторинг жана баалоо системасы, сунуштамалары менен мониторинг жүргүзүүнүн отчету |
5.3.2. Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО Концепцияны ишке ашырууга өзүнө-өзү баа берүүсүнүн инструментин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ММСЖСМ, СИУИ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Өзүн-өзү баалоонун жыйынтыктары | ||
5.3.3. Жаңы актуалдуу милдеттерди жана чараларды аныктоо үчүн Концепцияны ишке ашыруунун ведомстволор аралык баалоосун жыл сайын жүргүзүү | ММСЖСМ, ВАК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Жыл сайын | Башкаруучулук мүнөздөгү сунуштамалар менен отчет | ||
(1) РПККЖ жана КДИде, региондук институттарда/борборлордо, ЖОЖдордо квалификацияны жогорулатуу үчүн курстардын материалдарын кошкондо социалдык предметтер жана класстан тышкары иш жаатындагы билим берүү долбоорлорунда даярдалган сунуштар жана иштеп чыгуулар, мугалимдердин жана класс жетекчилеринин практикалык тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар.
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
Акыйкатчы | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
Тил комиссиясы | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
УКМК ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы |
ЖӨБ союзу | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖӨБ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
ККА | - | Кыргызстан калкынын ассамблеясы |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
СИУИ | - | Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту |
РПККЖ жана КДИ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту |
КМДБ | - | Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы |
ВАК | - | Ведомстволор аралык комиссия |
ЖМК | - | Жалпыга маалымдоо каражаттары |
ӨЭУ | - | Өкмөттүк эмес уюмдар |
ЖОЖ | - | Жогорку окуу жай |
Концепция | - | 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы |
|
| 2-тиркеме |
2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жүзөгө ашыруудагы мамлекеттик органдардын жана уюмдардын ишин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан калкынын ассамблеясынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"ПисНексус" фондунун Кыргызстандагы филиалынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
Эскертүү. Кызмат орду боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечимине же ошол мамлекеттик органдын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат, Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жиберилет.