Распоряжение Кабинета Министров КР от 12 января 2022 года № 3-р (Об утверждении проекта «Финансирование сельского хозяйства - 10»)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 12-январы № 3-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 97-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2022-жылы айыл чарба жумуштарын өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоору (мындан ары - Долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктардын пайыздык ставкаларын субсидиялоого Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга 520000000 (беш жүз жыйырма миллион) сом бөлүп берсин;
2) Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тийиштүү макулдашууларды түзсүн;
3) 2022-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан субсидияларды каржыласын, ошондой эле Долборду кийинки жылдарга (субсидиялардын экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи транштарын) каржылоону карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен (макулдашуу боюнча) биргеликте Долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4) долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын режим (банктык түз көзөмөл, убактылуу администрациялоо) киргизилген коммерциялык банктар катыша албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 97-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга Долбоорду ишке ашырууга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредиттерди берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
"Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоору
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 97-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты 2022-жылы айыл чарбасынын талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына (мындан ары - чарба жүргүзүүчү субъекттер) мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылдарга республикалык бюджети жана коммерциялык банктардын каражаттары.
4. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2022-жылдын январы.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар.
6. Долбоордун сыпаттамасы. Долбоордун алкагында 2022-жылы коммерциялык банктардын финансы каражаттары чарба жүргүзүүчү субъекттерге мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык каржылоо үчүн кредиттик каражаттар долбоордун алкагында, анын ичинде банк ишинин ислам принциптерине ылайык жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кредиттерди жайгаштыруу жана каржылоо үчүн коммерциялык банктардын чыгымдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде ислам принциптерине ылайык жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча тиешелүү жылдар үчүн субсидиялайт.
8. Кредиттерди берүүнүн жана каржылоонун, анын ичинде ислам принциптерине ылайык кредиттерди берүүнүн жана каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
9. Берилген кредиттерди, анын ичинде ислам принциптерине ылайык берилген кредиттерди кайтаруу боюнча жана каржылоонун бардык тобокелдиктерин коммерциялык банктар өзүнө алат, карыз алуучулар алардын ички жол-жоболоруна ылайык тандалат.
10. Коммерциялык банктар ушул Долбоордун алкагында чарба жүргүзүүчү субъекттерди каржылоону "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдиги астында жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Коммерциялык банктар Долбоордун шарттарын жана талаптарын так сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Долбоорго катышкан коммерциялык банктар карыз алуучуларга төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө же каржылоого, анын ичинде ислам принциптерине ылайык кредит берүүгө жана каржылоого милдеттүү:
№ | Максаттуу тармак | Акыркы пайыздык ставка | Кредиттин мөөнөтү | Жеңилдетилген мезгил | Берилген кредиттин өлчөмү |
1 | Мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүү | жылына 6 пайыз | 36 айдан ашык эмес | 6 айга чейин карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу | 1) 300,0 (үч жүз) миң сомго чейин, 18 айга чейинки мөөнөт менен, күрөөсүз негизде каржылоо; 2) 1,0 (бир) миллион сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөт менен күрөөлүк негизде; 3) асыл-тукум малдын башын сатып алган учурда акыркы алуучуларга 3,0 (үч) миллион сомго чейинки кредиттер |
2 | - Сууну үнөмдөп сугаруу технологиясы (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу), - күнөскана чарбасы, - интенсивдүү багбанчылык, - органикалык айыл чарба өндүрүшү менен алектенген өсүмдүк өстүрүү субъекттери үчүн - Асыл тукум чарбасы статусуна ээ асыл тукум малды сатып алуу; - канаттууларды багуу, - балык өстүрүү, - балчылык; - тоютту сатып алуу жана даярдоо; - мал кыркуу пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды куруу жана жабдуу жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдуу сатып алуу менен алектенген мал чарбасынын субъекттери үчүн | жылына 6 пайыз | 60 айдан ашык эмес | 6 айга чейин кредиттер боюна карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу | 10,0 (он) миллион сомго чейин |
3 | Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар жана импортту алмаштырууга багытталган, экспортко багытталган жеке ишкерлер | жылына 6 пайыз | 60 айдан ашык эмес | 6 айга чейин кредиттер боюнча карыздын негизги суммасы боюнча төгүмдөрдү төлөөдөн толук бошотуу | 500,0 (беш жүз) миң сомдон 20,0 (жыйырма) миллион сомго чейин |
13. Коммерциялык банктарга жеке чыгымдарынын эсебинен Долбоордо көрсөтүлгөндөн узагыраак жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.
14. Ошондой эле кредит берүүдө асыл тукум заводунун, асыл тукум фермасынын жана үрөн чарбасынын статусу белгиленген тартипте берилген чарба жүргүзүүчү субъекттер артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.
15. Потенциалдуу карыз алуучуларда күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда акыркылар "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кепилдик фонду" ААК) кепилдик алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
2-глава. "Мал чарбасы" категориясынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн кошумча шарттар
16. Бул категория үчүн багытталган каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайызынан ашык эмесин түзүүгө тийиш.
17. Бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет;
1) бодо мал өстүрүү;
2) кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;
3) канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү;
4) бал аарыларын багуу, анын ичинде балды жана аарынын момун өндүрүү;
5) балык өстүрүү, балык питомниктеринин жана балык чарбаларынын иши;
6) тоюттарды даярдоо, кайра иштетүү.
18. Кредиттердин максаттары малды кармоо үчүн шарттарды, базаларды жакшыртуу, тоюттарды сатып алуу жана даярдоо ж.б. кошкондо мал чарбасын түзүүгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө, жүргүзүүгө байланыштуу болууга тийиш.
19. Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:
1) бодо мал: ала тоо, абердин-ангусс, карала, (аулие-ата, голштин), симменталь, айшир, герефорд, күрөң швиц, топоздор жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча башка породалар;
2) кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гиссар жана меринос) жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча башка породалар;
3) жылкылар (жаңы кыргыз, дон, таскактуу орус жылкысы, таза кандуу минүүчү жылкы).
20. Бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир карыз алуучуга 3,0 (үч) миллион сомго чейин кредит ала алат.
21. Асыл тукум малды жана жасалма жол менен уруктандыруу, мал кыркуу пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды куруу жана жабдуу үчүн жабдууларды сатып алган, канаттууларды өстүрүү, балык өстүрүү, балчылык, тоюттарды топтоо, кайра иштетүү жана даярдоо менен алектенген чарба субъекттери 10,0 (он) миллион сомго чейин кредит ала алат.
22. Бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттер айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү үчүн бардык зарыл шарттарга, анын ичинде кыш мезгилинде тоют сактоо үчүн шарттарга ээ болууга тийиш.
23. Асыл тукум иштери менен алектенген жана асыл тукум малды өстүргөн чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык берилген асыл тукум чарбасынын статусуна, ошондой эле асыл тукумдун баалуулугун күбөлөндүрүүчү документтерге (паспорт, асыл тукум малдын карточкасы, бонитировка журналы) ээ болууга тийиш.
24. Коммерциялык банктар ушул Долбоордун алкагында зарыл болгон учурда чарба жүргүзүүчү субъекттер берген маалыматтардын тууралыгы жөнүндө кошуналарынан жана айылдаштарынан сурамжылоого укуктуу.
3-глава. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн кошумча шарттар
25. Бул категория үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашык эмесин түзүүгө тийиш.
26. "Өсүмдүк өстүрүү" категориясына төмөнкүлөр кирет:
1) дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
2) буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;
3) техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
4) жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
5) мөмө жана жер-жемиш өстүрүү;
6) агротокой чарбасынын жана питомник мөмө-жемиштерин өстүрүү;
7) тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;
8) сууну үнөмдөп сугаруу технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);
9) күнөскана чарбасын жүргүзүү;
10) интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү;
11) органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү.
27. Кредиттердин максаттары техникалык базаны жакшыртууну кошкондо, өсүмдүк өстүрүүнү түзүүгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө, жүргүзүүгө байланыштуу болууга тийиш.
28. Бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир карыз алуучуга 3,0 (үч) миллион сомго чейин кредит ала алат. Сууну үнөмдөп сугаруу технологияларын (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу) өнүктүрүү, күнөскана чарбасы, интенсивдүү багбанчылык жана органикалык айыл чарба менен алектенген чарба субъекттери 10,0 (он) миллион сомго чейин кредит ала алат.
29. Бул Долбоордун алкагында кредит алуу үчүн өсүмдүк өстүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жеке менчиктеги же ижарага алган айыл чарба багытындагы жерлери жана мындай жердин бар экендигин күбөлөндүрүүчү документи (мамлекеттик акты, күбөлүк, убактылуу күбөлүк, ижара келишими, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.) болууга тийиш.
30. Сууну үнөмдөп сугаруу технологияларын (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу) ишке киргизүү, күнөскана чарбалары жана интенсивдүү багбанчылык менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттерге долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси менен бизнес-планды берүү сунушталат.
31. Органикалык өндүрүш ишин жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин органикалык айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген органикалык өндүрүш субъектисин каттоо жөнүндө күбөлүгү болууга тийиш.
4-глава. "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар жана импортту алмаштырууга багытталган, экспортко багытталган жеке ишкерлер" категориясынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн кошумча шарттар
32. Бул категория үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан кем эмесин түзүүгө тийиш.
33. "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар" категориясына төмөнкүлөр кирет:
1) айыл чарба продукциясын (дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, эт, балык, сүт, тери, жүн) кайра иштетүү;
2) балыкты кайра иштетүү жана консервалоо;
3) жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана консервалоо;
4) өсүмдүк жана малдын майын жана майларды өндүрүү;
5) айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү;
6) минералдык сууну өндүрүүнү кошпогондо, айыл чарба продукциясынан (анын ичинде айыл чарба продукциясынын экинчи ирет иштетилүүчү сырьёсунан) тамак-аш продуктуларын өндүрүү;
7) жашылча сактоо кампаларын кошкондо, айыл чарба продукциясын таңгактоо, топтоо жана сактоо;
8) айыл чарба малы жана канаттуулар үчүн союу цехтери;
9) кийиз жана кийиз буюмдарын даярдоо;
10) айыл чарба продукциясын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатып өткөрүүнү уюштуруу үчүн логистикалык борборлор.
34. Бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттер 30га чейинки жумуш ордуна ээ айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишкердик ишти өзүнө камтыйт жана ушул Долбоордун алкагында бир карыз алуучуга 20,0 (жыйырма) миллион сомдон ашпаган өлчөмдө кредит ала алат.
35. Ушул Долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарды сатып алууну, ошондой эле эмгек акы төлөө фондун каржылоону кошкондо, өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
36. Бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын резиденттери болууга жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондду кошкондо, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында талаптагыдай каттоодон өтүүгө тийиш.
37. Чарба жүргүзүүчү субъекттер (тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары) курулуш иштерин (мисалы, завод үчүн имараттар, жаныбарлар үчүн курулмалар, мал союу үчүн цехтер, балык чарбасы үчүн суу сактагычтар, тоңдуруу үчүн жайлар ж.б.) жүргүзүүдө кредиттин белгиленген багытына ылайык тиешелүү сметаны берүүгө милдеттүү.
38. Төмөнкү чарба жүргүзүүчү субъекттер бул тармакта артыкчылыктуу болуп саналат:
1) айыл чарба жана тамак-аш продукцияларын өндүрүүчүлөр;
2) Долбоорго катышкан жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен айыл чарба продукциясын (чийки затты) жеткирүүгө келишимдерди жана/же контракттарды түзгөндөр.
39. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жана башка финансылык-кредиттик уюмдардан каржылоо болгон учурда, тамак-ашты кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан ушул Долбоордун алкагында параллелдүү каржылоону алууга жол берилет.
5-глава. Долбоорду ишке ашырууну сыпаттоо
40. Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар ушул тескеме күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө субсидиялоонун сунушталган ставкаларын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен республиканын облустарына бөлүп, Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүгө тийиш, ошол эле учурда субсидиялоонун ставкасы жылына 11,75 пайыздан ашпашы керек.
41. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка тийиштүү түрдө маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар кредит берүүнүн шарттары, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун мезгили/убактысы жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык банктардын маалымат такталарына жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
42. Субсидиялык каражаттардын өлчөмү Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга кредиттик портфелинин көлөмүнө, уставдык капиталдын өлчөмүнө жана республиканын региондорунда филиалдарынын жана бөлүмдөрүнүн болушуна жараша бөлүнөт.
43. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн коммерциялык банктар ай сайын, 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн айдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет.
44. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялардын суммасын эсептик коэффициенттерине ылайык эсептейт жана субсидиялардын траншын коммерциялык банктарга которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
45. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү айдын аягына чейин которулат.
46. Коммерциялык банктардын ишин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүзөгө ашырат.
47. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берилген кредиттер жөнүндө маалыматты берет.
47-1. Долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен тиешелүү Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып акыркы алуучулардын тизмелерин түзүүгө милдеттүү.
6-глава. Субсидияларды эсептөө
48. Мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын субъекттерине пайыздык ставкалар боюнча субсидияларды берүүдө коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдын 10 айы үчүн берген маалыматына ылайык коммерциялык банктардын ай сайын берген кредиттеринин көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери колдонулат:
1) пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан субсидиялоонун ставкасы жылына 11,75 пайызды түзөт;
2) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 32,81 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 10,59 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2023-жылы 10,14 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2024-жылы 6,64 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2025-жылы 4,03 эсептик коэффициент боюнча жана бир бөлүгү 2026-жылы 1,41 эсептик коэффициент боюнча которулат;
3) 48 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 26,94 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 10,54 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2023-жылы 9,40 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2024-жылы 5,18 эсептик коэффициент боюнча жана бир бөлүгү 2025-жылы 1,82 эсептик коэффициент боюнча которулат;
4) 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 21,05 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 10,44 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2023-жылы 8,06 эсептик коэффициент боюнча жана бир бөлүгү 2024-жылы 2,55 эсептик коэффициент боюнча которулат;
5) 18 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 12,23 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 9,95 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү 2023-жылы 2,28 эсептик коэффициент боюнча которулат.
49. Субсидиялардын ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок 11,75 пайызды түзгөн субсидиялоонун ставкасы өзгөрүүсүз калат.
7-глава. Субсидияларды которуу
50. Эсептик формулага ылайык аныкталган субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга беш транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - коммерциялык банктар тарабынан өткөн айда иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына, субсидиялар ар бир айдын аягында которулат;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
51. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөгөн карыз алуучулардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр боюнча толук маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди кошпостон өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Коммерциялык банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
8-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
52. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
53. Аталган тобокелдикти азайтуу коммерциялык банктар тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
54. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда коммерциялык банктар тиешелүү актыны түзүүгө, карыз алуучудан пайдаланылбаган кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредитти алган күндөн тартып жылына 30 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставкаларды белгилөөгө милдеттүү. Мындай учурда мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурларды кошпогондо, коммерциялык банктар субсидиялардын алынган каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарууга милдеттенет.
55. Коммерциялык банктардын субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин азайтуу максатында:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте субсидияланган кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча коммерциялык банктардын ишин белгиленген тартипте көзөмөлдөйт;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте кредиттерди жана каржылоону максаттуу пайдаланууну, анын ичинде ислам принциптерине ылайык пайдаланууну текшерет;
3) коммерциялык банктардын субсидияланган кредиттик каражаттарды атайын максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан ары субсидиялоону токтотуп турууга жана субсидиянын траншына жылына 30 пайыз өлчөмдө пайыздык ставка боюнча айып пулду (которгон күндөн баштап) эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Эсептелген айып пулдун жана субсидиялардын которулган транштарынын суммалары субсидияларды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарылууга тийиш.
56. Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар, кредиттик келишимде башкача каралбаса, субсидияланган кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда алар боюнча карыздын калган суммасын карыз алуучудан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу.
57. Кредиттик каражаттарды толук эмес тандоо тобокелдиги:
1) Долбоорго коммерциялык банктарды максималдуу тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жыйынды көлөмү гана чектелет;
2) коммерциялык банктар фермердик, дыйкан чарбаларынын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредит берүү механизмдерин пайдаланууга укуктуу.
58. Табигый катаклизмдерге байланыштуу карыз алуучулардын кредиттерди кайтарбоо тобокелдиги келип чыккан учурда коммерциялык банктар аны азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча чараларды көрөт.
9-глава. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
59. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына коммерциялык банктар тарабынан мониторинг төмөнкүчө жүргүзүлөт:
1) кредитти алган учурдан тартып 2 айдын ичинде карыз алуучулар кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды документтер менен ырастоолорду (контракт/келишим, эсеп-фактура жана/же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтери ж.б.) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчётторду берүүгө тийиш;
2) карыз алуучудан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчётту алгандан кийинки 3 айдын ичинде коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчётту тариздөө менен жерине барып мониторинг жүргүзөт;
3) Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар кредиттик каражаттарды алуу үчүн кардарлардан өтүнмөлөрдү кабыл алууну электрондук кезек системасына киргизүүгө милдеттүү.
60. Карыз алуучулар коммерциялык банктарга кредитти максаттуу пайдаланууну ырастоочу төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
1) мал чарбасы тармагындагы жүгүртүү каражаттарына берилген кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастоо үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
- сатуучунун паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен (эгер сатуучу жеке жак болсо), сатып алынган малдын же тоюттун наркын көрсөтүү менен жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн малды сатуу-сатып алуу контрактынын/келишиминин көчүрмөсүн;
- малды сатып алууну максаттуу пайдаланууну текшерүү үчүн кошумча ырастоочу документти - карыз алуучунун катталган/жашаган жери боюнча тийиштүү айыл өкмөтүнүн чарба китепчесинде сатып алынган малды каттоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалымкатын.
2) өсүмдүк өстүрүү тармагындагы жүгүртүү каражаттарына берилген кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастоо үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
- төмөндө саналган документтердин бирин же сатып алуу/сатуу келишими, же сатып алуу актылары, же эсеп-фактуралары, же сатылып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар (мындан ары - КММ) үчүн акы төлөө жөнүндө коштомо кагаздар;
Өсүмдүк өстүрүү тармагында көрсөтүлгөн кызматтар ар кандай кызматтарды көрсөткөн (айдоо, түшүм жыйноо) адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен кызматтарды көрсөтүү боюнча жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн келишим менен ырасталат;
3) негизги каражаттарга алынган кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастоо үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
- кыймылсыз мүлктү сатып алууда жана модернизациялоодо -сатып алуунун баасын көрсөтүү менен сатып алуу/сатуу келишимин, курууда, модернизациялоодо кызматтарды көрсөтүү келишимин (аткарылган иштердин актылары жана чыгаша материалдарына сатып алуу актылары менен);
- жабдууларды, транспорт каражаттарын сатып алууда - төлөө документи менен ырасталган наркын (төлөм тапшырмасы, квитанция, которууга арыз, сатуучунун тил каты) көрсөтүү менен сатып алуу/сатуу келишимин. Транспорт каражаттары үчүн кардарга кайра таризделген менчик укугун ырастоочу документти берүү зарыл.
61. Карыз алуучулар кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастаган башка документтерди да берүүгө милдеттүү.
62. Төмөнкү учурларда:
1) кредит алуу мөөнөтү менен агротехникалык иш-чараларды өткөрүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда көп убакыт өтсө, кредит берилген күнгө чейин эки айдан эрте эмес таризделген дата менен актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;
2) жеке жак статусуна ээ болгон адамдардын ортосунда үрөндү, минералдык жер семирткичтерди, КММ сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн, ошондой эле техника кызматтарын көрсөтүү боюнча бүтүмдөр түзүлсө, сатуу-сатып алуу контрагы/келишими же сатуучунун акча каражатын алгандыгы жөнүндө тил катын милдеттүү тиркөө менен, тил катта паспорттун маалыматтарын, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/кызмат көрсөтүүнүн санын, сортторун көрсөтүү менен актоочу документ боло алат;
3) алыскы айылдардын тургундары ыйгарым укуктуу адам аркылуу КММ биргелешип сатып алса, мындай ар бир кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётто КММ биргелешип сатып алынгандыгы көрсөтүлөт жана автомай куюучу станциялардан алынган бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет.
10-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
63. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар Долбоорду ишке ашыруунун натыйжалары боюнча жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр боюнча карыз алуучулардын кредитти максаттуу пайдалануусу жөнүндө жалпыланган маалыматты берет (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин):
1) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
2) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн өндүрүштүн, анын ичинде айыл чарба кооперативдеринин жана иштетүүчү (кайра иштетүүчү) ишканалардын саны;
3) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында учурда иштеп жаткан ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
4) мурда иштебей токтоп турган, кайра ишке киргизилген ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
5) өндүрүштүн жана сатуунун жалпы көлөмү;
6) экспорттун жалпы көлөмү;
7) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жабдууларды сатып алуу үчүн пайдаланылган финансылык каражаттардын саны, түрү жана суммасы;
8) Долбоордун алкагында кайра иштетүү ишканаларына берилген айыл чарба продукциясынын көлөмү.