Распоряжение Кабинета Министров КР от 19 января 2022 года № 16-р (Об утверждении Порядка хранения, использования неиспользованных бланков деклараций о добровольном декларировании имущества и доходов физических лиц)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 19-январы № 16-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июлундагы № 222 тескемесинин 2-пунктун көңүлгө алып, "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 12-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын сактоонун, пайдалануунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
|
Төрага |
А. У. Жапаров |