РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 27 января 2022 года № 31-р (Об определении государственного предприятия «Инфосистемс» при Министерстве финансов Кыргызской Республики поставщиком услуг по техническому сопровождению и модернизации информационных систем Министерства финансов Кыргызской Республики и его подведомственных подразделений)

Редакцияот 27.01.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 27-январы № 31-т

Республиканы экономикалык жактан өнүктүрүү, мамлекеттик финансыны жана экономиканы башкаруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү, финансылык-экономикалык процессти автоматташтыруу жана модернизациялоо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо маселелери боюнча милдеттерди ыкчам чечүүнү камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрликтин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маалыматтык системаларын техникалык коштоо жана модернизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынан монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баалар боюнча сатып алууну жүзөгө ашырсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров