РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 18 февраля 2022 года № 74-р (Об увеличении сметных назначений по статье «Капитальные вложения»)

Редакцияот 18.02.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 18-февралы № 74-т

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 29-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренесинде каралган каражаттардын эсебинен социалдык объекттерди, ирригациялык курулмаларды курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоого "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттарды 7000000000 (жети миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;

2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров