РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 141-р «О реализации Указа Президента Кыргызской Республики»О неотложных мерах по обеспечению безопасности дорожного движения в Кыргызской Республике"

Редакцияот 25.03.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 25-марты № 141-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомун жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин тиркелген бөлүштүрүү балансы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгуу жана киргизүү аяктаганга чейин аталган иштин түрүнө лицензияларды берүүнү улантсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.У. Жапаров