Распоряжение Кабинета Министров КР от 29 марта 2022 года № 159-р (Об утверждении состава делегации Кабинета Министров КР)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 29-марты № 159-т
Бишкек шаарында Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча кошумча каржылоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча кошумча каржылоо долбоору боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Расмий делегация: | ||
Татиков Руслан Сатылганович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, делегациянын жетекчиси; |
Айдарбеков Чингиз Азаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Толонов Данияр Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин, мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Канатбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Чокоев Заир Ленарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абакиров Малик Айдар Барктабасович | - | "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Доолбеков Элдияр Бейшеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун төрагасынын орун басары. |