Распоряжение Президента КР от 1 апреля 2022 года РП № 49 «Финансирование субъектов предпринимательства»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 1-апрели ПТ № 49
Социалдык жана экономикалык туруктуулукту, ишкердик субъекттерди жана жеке адамдарды насыялоо үчүн арналган бюджеттик каражаттардын максаттуу жеткиликтүүлүгүн жана пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2013-жылдан тартып 2021-жылга чейинки мезгилде "Айыл чарбасын каржылоо", "Ишкердик субъекттерди каржылоо" долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ишкердик субъекттерди жана жеке адамдарды насыялоо үчүн коммерциялык банктарга, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелерге бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттардын пайдаланышына аудит жүргүзсүн.
2. 2013-жылдан тартып 2021-жылга чейинки мезгилде "Айыл чарбасын каржылоо", "Ишкердик субъекттерди каржылоо" долбоорлорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелерге ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына зарыл болгон документтерди берүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык аудит жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына зарыл болгон документтерди берүүсүн камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн
Кыргыз Республикасынын Президенти: |
С.Н.Жапаров |