РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 24 марта 2022 года № 136-р (Об образовании делегации Кыргызской Республики)

Редакцияот 24.03.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 24-марты № 136-т

2022-жылдын 28-мартынан тартып 31-мартына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүүчү 8-Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине Кыргыз Республикасынын катышуусу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2022-жылдын 28-мартынан тартып 31-мартына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына жиберилсин.

3. Делегациянын башчысынын жана аны коштоп жүргөн үч адамдын жашаган жери үчүн чыгымдарды төлөө кабыл алуучу тараптын эсебинен, жогоруда аталган адамдардын башка иш сапардык чыгымдары, ошондой эле делегациянын калган мүчөлөрүнүн иш сапардык чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

2022-жылдын 28-мартынан 31-мартына ченин Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өтүүчү 8-Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине Кыргыз Республикасынын катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Аалиев Азиз Кубанычбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, делегациянын башчысы;

Сабиров Равшан Азатович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;

Артыкбаев Айбек Мухтарович(*)

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Абдрахманов Канат Жаныбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович

-

Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Абдижалил Тимур

-

Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу;

Исанов Алмаз Насирдинович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;

Керимджанов Рахимбек Айбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;

Жарасул уулу Элдияр

-

"Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту" мамлекеттик мекемесинин директору;

Сатаров Мыктыбек Азаматович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы.

Эскертүү:

(*) - жашаган жери үчүн чыгымдарды төлөө кабыл алуучу тараптын эсебинен жүргүзүлөт